Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Төө-Ашуудагы өрт: Айдоочунун өмүрүн сактаган милиционерлер курман болду


Төө-Ашуудагы кырсыктан кийин каза болгон Дилмурат Шамшиев менен Орозмамат Акуналиев.
Төө-Ашуудагы кырсыктан кийин каза болгон Дилмурат Шамшиев менен Орозмамат Акуналиев.

Төө-Ашууда өрттөнүп кеткен күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусунун өмүрүн сактап калган экинчи милиция кызматкери Орозмамат Акуналиев каза болду. Анын денесинин 70% күйүп кеткени кабарланган.

Буга чейин айдоочуга жардам берген милиционер Дилмурат Шамшиев менен дагы бир жай тургун да ооруканада үзүлгөн. Дарыгерлер төртүнчү жарандын да абалы оор экенин айтып жатышат.

"Экөөнүн артында уул-кыздары калды"

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Орозмамат Акуналиев 6-ноябрга караган түнү ооруканадан үзүлдү. Төө-Ашуудагы кырсыкта айдоочунун өмүрүн сактап, бирок тилекке каршы өзү каза болгон милициянын капитаны 30 жашта эле. Буга чейин Оштун Ноокат, Өзгөн райондорунда эмгектенип, 2021-жылдан бери Баткендеги Кызыл-Кыя шаарында иштеп жаткан.

Анын артында эки уул, бир кызы калды. Эң кичүүсү жакында эле төрөлүп, кыркы чыга элек болчу.

“Үч уулум бар. Эң кичүүсү эле. Өзү да жакында эле уулдуу болгон. Анын да үч баласы бар”, - деп көз жашына муунган маркумдун апасы сөзүн андан ары улай алган жок.

Орозмамат Акуналиев менен чогуу айдоочунун өмүрүн сактап калган милициянын майору Дилмурат Шамшиев 1-ноябрь күнү көз жумган. Эки кызматкердин денеси 70% күйүп калган.

Дилмурат Шамшиевдин атасынын бир тууганы Таалай Шамшиев буларды айтты:

“Үч баласы бар эле. Улуусу 9-класста окуса, кийинкиси 7-класста. Кичинекей кызы 6 жашта болчу. Өзү бир үйдүн жалгыз уулу эле. 42 жашка чыккан. 22 жылдан бери милицияда иштейт”.

Окуя учурунда күйүүчү май ташыган автоунаанын айдоочусуна жардам берген учурда жараат алган дагы бир жаран ооруканада каза тапкан. Анын аты-жөнү айтылган жок.

27-октябрда Бишкек - Ош жолунун 97 чакырымында күйүүчү май ташыган машине оодарылып, дароо эле чиркегичи өрттөнө баштаган. Бир машинеде жол жүрүп келе жаткан милициянын эки кызматкери Акуналиев менен Шамшиев баштаган жолоочулар кырсыкка кабылган унаанын айдоочусун алып чыгууга жетишкен. Бирок өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышканда күйүүчү майга толгон цистерна жарылып кеткен, маркумдар түшкөн жеңил автоунаа жана дагы бир машине өрттөнүп кеткен.

Кызыл-Кыя шаардык милициясынын башчысынын орун басары Куштарбек Майлиев мындай деди:

“Кесиптештерибиз Бишкектен иш сапардан келе жатышкан. Экөө тең кызматта өздөрүн жакшы жактан көрсөткөн, сыйлыктарды алып жүргөн балдар эле. Милиция үчүн чоң жоготуу болду. Бул дагы эрдик. Бирөөнүн жанын сактайбыз деп өз өмүрлөрүн беришти. Тергөөчү жакында эле балалуу болгон эле”.

Бишкек-Ош жолундагы өрт. 27-октябрь, 2023-жыл. (Социалдык түйүндөргө жарыяланган тасмадан алынган сүрөт)
Бишкек-Ош жолундагы өрт. 27-октябрь, 2023-жыл. (Социалдык түйүндөргө жарыяланган тасмадан алынган сүрөт)

Алгач айдоочуну алып чыгып, андан кийин өрттү өчүрүүгө төрт адам катышкан. Алардын үчөө ооруканада көз жумду. Бишкек шаардык клиникалык медициналык тез жардам ооруканасынан башкы дарыгеринин орун басары Илим Манапов төртүнчү адамдын абалы оор экенин билдирди.

“Бир машинеден төрт жаран жабыркаган экен. Экөө милиционер, экөө жай тургундар. Төртөө тең оор абалда келген. Денесинин 70% күйүп кеткен. Бул өтө чоң жараат. Ички органдарына, бөйрөктөрүнө залакасын тийгизет”.

Окуя боюнча Чүй облустук милициясы тергөө иштерин баштап, чоо-жайы териштирилип жатканын кабарлады. Ички иштер министрлиги болсо каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө жардам бериле турганын билдирди.

Кооптуу жолдор, кайталанган кырсык


Ош, Жалал-Абад жана өзгөчө Баткенде Бишкек шаарына салыштырмалуу күйүүчү майдын баасы кымбат болгондуктан, Ош-Бишкек жолунда бензовоздор көп каттайт. Кыргыз-тажик чек арасы ачык учурда Тажикстанга да тонналап бензин, дизель майы ташылчу. Өзгөчө Төө-Ашууда, Ала-Белде жана Чычкан капчыгайында май ташыган унаалар катышкан кырсыктар көп катталып, адам өлүмү менен аяктаган окуялар да болуп турат. Активисттер, окуянын күбөлөрү өлкөнүн түштүгүнө күйүүчү май ташыган жол эрежесин сактабай, катуу айдай турганына нааразы болуп келишет.

Жол коопсуздугу боюнча эксперт Урмат Казакбаев Мындай окуялардан адам өмүрү кыйылып, экологияга да эбегейсиз зыян келүүдө. :

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

“Бишкек-Ош жолундагы кырсыктарда айдоочулардын күнөөсү көп. Мындай окуялардын эколгиялык зыяны аябай тийип, суу булганып атат. Мындан тышкары инфраструктурага болгон таасири. Мындай майлар күйгөндө асфальт кум эле болуп калат. Анан эң чоң жоготуу – адам өлүмү. Ушундай кооптуу жерлерге көзөмөл күчөтүш керек эле. Жакында эле Казакстанга кирип атканда машинемди техникалык кароодон өткөрдүм. 500-600 сом алып, жада калса машинемди карашкан жок. Жүк ташуучу машинелерди деле ушундай карашса керек”.

Кыргызстанда быйыл январь-сентябрь айларында 4,8 миң жол кырсыгы катталып, анда 489 адамдын мерт болгонун ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирген. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эсебинде, былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза тапкан.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG