Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Киши өмүрү бөөдө кыйылды, 22си жараат алды. Коомдук транспорт коопсузбу?


Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыгы, 19-июль, 2023-жыл.
Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыгы, 19-июль, 2023-жыл.

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо 3 жаңы конушунда эл ташыган кичи автобусту жүк ташуучу машине сүзүп, бир киши каза болду, 20дан ашыгы жабыркады. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, эл ташыган транспорттогу коопсуздук маселеси күн тартибине чыкты.

19-июль күнү Бишкектин четиндеги Ак-Ордо 3 жаңы конушунда эл ташып бараткан №169 кичи автобус киши салып, жылып жаткан жеринен катуу келаткан оор жүк ташуучу машине арттан сүзгөн. Анын натыйжасында 22 адам жабыркап ооруканага жеткирилген. Бир киши кырсык болгон жерден жан берген. Учурда үч адам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бишкек шаардык Тез жардам клиникалык ооруканасы. 20-июль, 2023-жыл
Бишкек шаардык Тез жардам клиникалык ооруканасы. 20-июль, 2023-жыл

"Бир саат ичинде 23 адамды (каза болгон бир кишини кошкондо) кабыл алдык. Анын ичинен 11 адамга амбулатордук жардам көрсөтүп, үйлөрүнө жөнөттүк. Алардын денесинде сыйрылган, көгөргөн жерлери бар, бирок сыныгы жок. 12 адам ооруканага жатты. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Сегизи травматологиялык-хирургиялык бөлүмгө жатты. Лабораториялык анализдери чыкты, бүгүн баарынын абалы дурус", - деди Тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Илимбек Манапов.

"Оорукананын эшигинен түшүп жатканымды билем"

Үрөй учурган жол кырсыгы 19-июль күнү таңкы саат 7:30 чамасында болгон. Ак-Ордо 3 конушунун тургуну Саламат Токтомамбетова күндөгүдөй эле жумушка жөнөп, №169 каттамдагы кичи автобуска отурганда, көп узабай эле кырсыкка кабылган.

"Жол киресин төлөп эле арткы катардагы үчүнчү орунга отургам. Анан эмне болуп кеткенин билбейм. Элес-булас балдар машинеге салып жатканы эсимде. Анан эле оорукананын эшигинен түшүп жатканымды билем. Башка эч нерсе билбейм. Кабыргаларым, моюнум, башым өйдө болбой жатат. Кускум келип жатат. Баш мээ чайкалган деген диагноз коюшту. Карачы эми, канча адамды кыйнап жатышат, этияттаса жакшы болмок да".

Кырсык болгон учур жаңы конуштагы дүкөндүн сыртындагы видеокамерага түшүп калган. Ал видео социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Анда жарыяланган дагы бир видеодо окуя болгон жерде аялдама жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жол жок экени айтылган.Кырсыкка кабылган жүргүнчү Бермет Оморова буларды билдирди:

"Үйдөн чыгып, №169 маршруттук каттамды күтүп турдум. Беш эле мүнөт болгон. Адамдарды салып жылып жатканда артыбыздан катуу сокку болду. Анан арттагы адамдардын баары кулады, андан ары эмне болгонун билбейм. Мен ортодо тургам. Биз алды жакка ыргып кеттик. Ошол жерден эле бутумду сезбей калдым. Сол бутумду жерге коё албай калдым. Бул жакка келсек, жамбашым сынып кетиптир. Негизи биз жакта аялдама жок. Жол өтө тар. Балдар окууга барган учурда кандай болот деп ойлонуп атам. Жөө өтмөктү бүтүрбөй жатат, эки жыл болду. Ошол жерден жай эле айдаса болбойбу, же камаз жүрбөсүн деп чектөө киргизсе болбойбу? Эми айдоочу өз жообун алсын".


Социалдык тармакта тараган видеодо кичи автобусту коюп кеткен фуранын айдоочусу жай келатканын айткан. Чүй облустук милициясы айдоочу кармалганын, Кылмыш-жаза кодексинин "Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" деген 312-беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Окуяда жакынын жоготуп, кан жутуп отурган маркумдун жакындары менен байланыша алган жокпуз.

"Коомдук транспорттор катышкан жол кырсыктары

Кыргызстанда коомдук транспорт катышкан жол кырсыгы биринчи жолу болуп жаткан жок. Ушул эле жылы 16-июлда Бишкектин сыртындагы айланма жолдон "Мерседес бенц" үлгүсүндөгү кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, кичи автобустун айдоочусу менен жүргүнчү жабыркаган. Алар Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.

Ал эми 22-майда Бишкектин Тыналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде 135-каттамдагы кичибус менен жеңил унаа сүзүшүп, маршруткада отурган эки адам терезеден ыргып кеткени видеого түшүп калган. Ал кырсыктан 4 адам жабыркаган.

Мындан сырткары, 20-апрелде Бишкектен "Манас" аэропортун көздөй бараткан жолдо автобус менен кичи автобус кагылышып, 24 киши бейтапканага жаткырылган. Бир бала комага түшкөнү айтылган.

Бул соңку төрт ай ичинде гана катталгандар.

"Жарышып, катуу айдашат"

Шаар тургуну Талант Сооронбаев Бишкектеги коомдук транспорт аралашкан жол кырсыктарынын себебин маршруттук каттамдардын айдоочуларынын тартипсиздигине байланыштырууда.

"Кээде айдоочулар токтот деген жерден токтотпой, кекетишет. Анан кардарларга корс мамиле кылышат, менчик унаам дегенсип. Анан көп киши салат, бирок эл дагы өзү шашып атып тыгылып алат. Кээде айдоочулар атайын тыгып салышат. Муну эки жагынан кароо керек. Анан буларда атаандаштык деген бар. Жарышып катуу айдашат".

Чынында, коомдук транспорттун айдоочуларына акыркы кезде көп сын айтылып келет. Буга чейин жүргүнчүлөр менен урушуп, сыртка чыгарып салган учурлар да видеого тартылып, элге тараган эле.

“Жарандык союз” уюмунун теңтөрагасы Урмат Казакбаев каттамдагы маршруттук машинелерге камера коюуну сунуштады:

Урмат Казакбаев
Урмат Казакбаев

"Коомдук транспорттун алдына жана артына камера коюш керек. Кырсык болгондо камерадан эле караса болот. Айдоочу күнөөлүү болсо, толугу менен жооп берет. Ошентип, айдоочулар эреже менен айдап, тартипке келет. Аялдамага жеткенде гана жүргүнчүлөрдү түшүрө турган болот. Антпесе айдоочулар туш келген жеринен эле токтой берет".

"Мыйзам бузган айдоочуларга кандай чара көрүлөт?"

Бишкек шаарында эл ташыган 80 каттам болсо, анын көбүндө кичи автобустар жүрөт. Аларды Бишкек мэриясынын алдындагы Транспорт департаменти жөнгө салат. Аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Нурбек Сагынбек уулунун айтымында, одоно мыйзам бузган айдоочулардын айынан мэрия менен каттамга ээлик кылган фирмалар ортосундагы келишим жокко чыгарылат. Былтыр август айынан бери 30га чукул фирма менен келишим жоюлган.

"Жол көзөмөлдөө кызматы тарабынан жол эрежелерин бузган айдоочуларга тийиштүү протоколдор түзүлөт. Одоно бузгандар болсо айып жайына токтотушат. Транспорт департаментине берилген укукка ылайык биз жеке фирмалардын ээлерине тийиштүү кат жөнөтөбүз. Келишимдерди жокко чыгаруу боюнча билдирме беребиз".

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза болгондор 20,5% азайган. Кыргызстанда 1 млн. 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын айынан болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып, жарым жыл ичинде 3 миңге жакын жол кырсыгы катталганын билдирген эле.

6 ай ичинде 2996 жол кырсыгы катталган (былтыркыга салыштырмалуу 1,4% азайган). 269 адам каза болгон. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7% көп. 4416 адам жаракат алган, бул былтыркыга салыштырмалуу 5,2% аз.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эсебинде, былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG