УКМК Кыргызстан аркылуу чет өлкөлөргө маңзат ташуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топ аныкталганын, эки мүчөсү колго түшкөнүн билдирди. Маңзатка каршы күрөш тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын өкүлү Марсел Дөөталиев "Азаттыкка" маек курду.
Жалал-Абад шаарындагы "Даанакер" коомдук бирикмесинин жетекчиси, шаардык кеңештин депутаты Айжамал Тарыхчиева күнөскана куруп, түрдүү гүлдөрдү өстүрүп жатат. Үч жылдан бери көчөт сатып киреше таап, төрт кишинин жумуш менен камсыздады.
Казакстандын Түркстан облусунун Төлө бий районунун Загамбар айылында мектеп окуучусунун зордукталганы кабарлангандан кийин чыр чыкты. Белгисиз бирөөлөр чарбалык жайды жана үч автоунааны өрттөп салышкан. Көп өтпөй айылга полиция келип, коопсуздук чараларын күчөткөнү белгилүү болду.
АКШнын президенти Жо Байден 24-апрелде Украинага дээрлик 61 млрд доллар жардам берүү мыйзамына кол койду. Кыргызстанда нөшөрдөн улам үч күндө 67 сел жүрдү. Өлкөдө көк жөтөл күч алып, ага чалдыккандардын саны соңку төрт айда миңден ашты.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги жыйынында сел, суу ташкындардын кесепети жөнүндө маалымат берди. Сел болгон маалда ал жана министрдин башка орун басары чет өлкөгө кандай иш сапары менен барганын да түшүндүрдү.
23-апрелде уюмдун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Фолькер Түрк израил армиясы аскердик операция жүргүзгөн Аш-Шифа жана Насер ооруканаларындагы кыйроолор аны нес кылганын билдирген.
Бириккен Улуттар Уюму Газа секторундагы “Насер” жана “ал-Шифа” ооруканаларында адам сөөктөрү жапырт көмүлгөн жайлар боюнча “тыкыр иликтөө жүргүзүүгө” чакырды.
Жарым жылдан бери Бишкекте бир нече “Кофе и точка” деген жай иштеп жатат. Сыртынан караган кишиге борбор калаадагы кофеканалардын бириндей эле көрүнөт. Бирок анын туруктуу кардарлары кофе сүйүүчүлөрү эмес, үйүн, унаасын жана болгон байлыгын интернеттеги кумар оюндарына салган адамдар.
Кыргызстан эгемен болгондон тартып эле сот тармагын реформалоого аракет кылып келе жатат. Былтыртан тартып аймактарга Сот адилеттик үйлөрү ачыла баштаган.
Жаратылыш кырсыгы коңшу Казакстанды да убайга салды. Бул өлкөнүн батышында Орусиядагы Ирикла суу сактагычынан суу Жайык дарыясына агып чыкканы чукул кырдаал оорлошту.
Украина АКШдан дээрлик жарым жылдан бери күтүп келген курал-жарактын алгачкы бөлүгүн аскердик жардам тууралуу мыйзам долбоору күчүнө киргенден кийин бир апта ичинде ала алат.
Дагы жүктөңүз