Украин армиясы Волчанск шаарынын аймагынан аскерлерин аман сактап калуу үчүн "башка позицияларга өткөрүлгөнүн" билдирди. Ал арада орус күчтөрү калаага киргени кабарланды. Орус армиясы Волчанск шаарына чабуулун 10-майда күчөткөн.
Кемпир-Абад ишинде айыпталгандар абактагы Кеңешбек Дүйшөбаевдин дарылануусуна шарт түзүүнү бийликтен суранышты. Бузурманкулов тергөө абагында ур-токмокко кабылганын айтты. Орус күчтөрү Харьков облусуна чабуулун күчөттү. Сирия жана Ирактагы лагерлерден 517 өспүрүм жана бала Кыргызстанга кайтарылды.
Грузин парламенти "чет элдик агенттер" мыйзамын кабыл алды. Бирок муну менен башкаруудагы партия толук жеңишке жетти деп айтууга болбойт. Бейөкмөт уюмдар Конституциялык сотко кайрылганы жатат, саясий жараян дагы уланмакчы.
Дагестан, Чеченстан, Калмыкия, Кубан жана Ставрополдон кулчулукка кабылгандар кайрылып даттанууда: жумуш издеп чарбаларга жана заводдорго барып калган адамдарды тамагын эптеп берип мажбурлап иштетишет.
Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган жана Армения менен Азербайжандын ортосундагы чек ара макулдашуусунун долбооруна каршылык билдирген митингдер уланууда.
Грузин депутататтары талаштуу "чет элдик агент" мыйзам долбоорун 14-майда жактырды. Кыргызстандын мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев саясий реформаларды жүргүзүүдө "Грузиядан үлгү алчу нерселер көп экенин" такай айтып келген. Тбилиси кайсы маалда демократиялык багытынан тайды?
Аламүдүн райондук соту жазуучу Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыратты. "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып жаткан саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаевди сотко көтөрүп алып келишти. Грузин парламенти талаштуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Ереванда миңдеген киши нааразылыкка чыкты.
Белоусовдун Орусиянын коргоо министри болуп дайындалышы Украинадагы согушка кандай таасирин тийгизет? Путиндин жакын досу деп саналган Шойгунун тагдыры эмне болот?
Куткаруучулар Ооганстандын түндүгүндөгү сел каптаган тоолуу аймактарда аман калгандарды издөөнүү улантууда. Нөшөрлөгөн жаандан кийинки селден бери дегенде 300 киши каза тапты.
Грузиянын парламенти “чет элдик агенттер” тууралуу талаштуу мыйзам долбоорун жактырды. Тбилисиде митингге чыккандар менен полиция кагылышты, бир нече киши кармалганы кабарланды. Грузин парламентинде эң жогорку чектеги коопсуздук чаралары киргизилди.
Тергөө абагында отурган журналист Махабат Тажибек кызы камерасында сабалган делген сүрөттөр жарыяланды. Жаза аткаруу кызматы аны четке какты. Орусияда коргоо министри Сергей Шойгу кызматтан кетти. Казакстандын экс-экономика министри Куандык Бишимбаевди 24 жылга кесилди.
Дагы жүктөңүз