Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:09

Көлбаевдин мүлкү: камалып, качкан шериктер


Улуттук коопсуздук комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешеси барларды аныктап, "тазалоо" процесси уланып жатканын айтууда.

Мунун алкагында Көлбаевдин өкүл атасы саналган, издөөдө жүргөн Азим Ройдун жубайына издөө жарыялады. Анын алдында Көлбаевге байланыштуу абакта жаткан "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов тилкат менен эркиндикке чыкты.

Кримтөбөлдүн тобун каржылаган деп айыпталып издөөгө алынган Павел Тёго коюлган айып алынып, сотко чейинки өндүрүш токтотулду. Атайын кызматтын криминалга каршы күрөшүн кубаттагандар менен бирге сындагандар да бар. Алар бул күрөш мыйзамга ылайык жүрүп, соттук териштирүү болушу керектигин айтышууда.

Улуттук коопсуздук комитети кримтөбөл маркум Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройдун (мурда Орозахун Сайдазимов болгон) жубайына издөө жарыяланганын кабарлады. Атайын кызматтын 26-мартта тараткан маалыматында Көлбаев менен Рой чогуу негиздеген ишканалардын акцияларынын бир бөлүгү анын ысымына катталган.

Мындан улам Ройдун жубайына кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча айып тагылды.

“Камчы Асанбек менен Азим Рой L.А. жана R ЖЧКсын негиздеп, Бишкек шаарынан жер тилке каттатып, ага кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушкан. Ошол эле учурда Асанбек жана Рой өздөрүнүн иш жүзүндөгү ээликтерин жашыруу максатында аталган ишканалардын акцияларын жакын туугандарына, анын ичинде Азим Ройдун жубайы – Н.З.Х.га катташкан”.

Мындан тышкары ишкананы мыйзамдуу көрсөтүү үчүн Ройдун “аффилирленген адамы, литвалык К.Г. чет өлкөлүк инвестор катары бул ишке катышканы айтылган.

Көлбаев менен Ройдун байланышы

Атайын кызмат былтыр ноярбда Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылап турган жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырган деген айып менен Азим Ройдун өзүнө издөө жарыялаган. Ошондо Ройдун Бишкекте салынып жаткан “Арстан Тауер” бизнес борбору курулуп жаткан 6 миң чарчы метр жерди мыйзамсыз ээлеп алганын, баасы 1 млн долларды чапчыган батир сатып алып, аны жубайына каттатып койгону расмий кабарланган. УКМК ошол маалда бул үйдө Көлбаев жашап келгенин билдирген.

Мындан тышкары Көлбаевдин өкүл атасы Ройдун Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде Камчы Көлбаевдин үйүнүн жанында жайгашкан 2 миллион долларды түзгөн дачага ээлик кылары, Чолпон-Ата шаарындагы “Каганат” эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттежи да бар экени такталган. Атайын кызмат ошондой эле Көлбаев менен Ройдун чогуу түшкөн бир нече сүрөтүн жарыялаган.

Кыргызстанда Панфилов районунун Чалдыбар айылында туулган Рой кийин орун жарандыгын алган. Анын өкүл баласы Камчы Көлбаевдин кримтөбөл болушунда “эмгеги зор” болгонун айткандар бар.

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков бул иште күмөн санаткан жагдайлар бар деген пикирде.

“Камчы Көлбаев өзүнчө чоң криминалдык-экономикалык бизнес түзүп алган. Буга ошол кездеги мамлекеттик жетекчилер жол ачып берип коюшкан. Аны саясий багытта колдонгон учурлар болгон. Көлбаевдин криминалдык чөйрөдө “Мыйзамдагы ууру” аталышына Ройдун салымы чоң. Анын Орусияда жана башка өлкөдө криминалдык чөйрөдө таасири болуп, тааныштыгы күч алган. Мунун арты менен Көлбаевге да жол ачып берген. Ал соңку жылдарда Кыргызстанда эле болуп калган, демек анын бул жакта жүрүп, көмүскө бизнесин жүргүзүүгө шарт түзүлгөн. Кийин анын Кыргызстандан күтүүсүз чыгып кетиши көп ойлорду жаратат. Анын укук коргоо органдарында иштеген адамдары маалымат берип, жардам берген болушу мүмкүн. Ага издөө жарыялангандан төрт айдан кийин гана аялына издөө жарыяланышы да күмөн ой жаратат”.

2022-жылы Ройдун президент Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин депутаты, президенттин кудасы Акылбек Түмөнбаев менен чогуу түшкөн сүрөтү коомчулукта тарап, кызуу талкуу жараткан.

Түмөнбаев ошол кезде Садыр Жапаров менен Азим Рой эмнени сүйлөшкөнү тууралуу кабары жок экенин айткан. Президент жана анын жанындагылар бул тууралуу үн каткан эмес.

УКМКнын криминал менен жапырт күрөшү

Кримтөбөл Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Улуттук коопсуздук комитетинин операциясы маалында жок кылынган. Бул окуядан кийин атайын кызмат Кыргызстандагы криминалга каршы күрөш баштаганын жарыялап, Көлбаевге тиешеси бар деген негизде бир нече кишини кармады. Алардын арасында саясатчылардан баштап, ишкерлер, кылмыш топторунун мүчөлөрү бар.

Мындан тышкары Көлбаевдин өзүнө таандык жана анын көмөгү, “кылмыштуу каражаттары” менен ишке ашкан турак жайдан баштап, коттеждер, жер участоктору, кымбат баалуу автоунаалар жана ар кандай объектилер мамлекетке өткөнү белгилүү болду. УКМК Көлбаевдин 1 млрд долларлык мүлкү аныкталып, алардын дээрлик баары камакка алынганын жарыялаган.

Кармалгандар арасында Көлбаевге таандык ар кандай бизнестерди жүргүзүп кызмат көрсөткөн делген бир нече адам кармалып, аларга кылмыштуу мүлктөрдү адалдоо айыбы коюлган. “Авангард”, “Элитхаус”, “Эмарк групп” курулуш компанияларынын жетекчилери да Көлбаев ишине байланыштуу кармалып, кийин экөө үй камагына чыгарылды.

Атайын кызматтын “криминалдан тазалоо” процессинин жүрүшүндө кармалгандардын бири, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов 25-мартта тилкат менен абактан бошотулду. Ал былтыр ноябрда кармалып, ага “узак убакыт бою криминалдык топтор менен байланышта болуп, алардын мыйзамсыз активдерин көбөйтүп турган, Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп, алардын активдерине ээлик кылган” деген айып коюлган.

27-мартта УКМК Салимовдун уулу С.И.Т. кармалганын, анын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) кылмыштуу кирешелерин адалдоо жана анын кылмыштуу каражаттарын кыймылсыз мүлккө салууга катышканы аныкталганын билдирди. Мындан тышкары ушундай эле айып менен "Мадина" базарынын коопсуздук кызматынын башчысы К.С. да кармалган.

Салимовдун уулунун кармалышы боюнча жакындары үн ката элек. "Ал көп жылдан бери эми эле Кыргызстанга келгенин, бул түшүнүксүз жагдай болгонун" адвокаты Рустам Исаев "Кактус Медиа" басылмасына билдирген.

Мунун алдында 12-мартта УКМК “Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган” деп айыптап, орусиялык ишкер, "Капитал Групп" компаниясынын ээси - Тё Павелге издөө жарыялаган. Бир аптадан кийин Тё өзү Кыргызстанга келип, тергөө иштери жүргөндөн кийин атайын кызмат ага коюлган айыптарды алып, сотко чейинки өндүрүш ишин токтотту.

Мындан улам бийликтин криминалга каршы күрөшүн тегиз жүрбөй жатат деп сынга алгандар да бар.

"Күрөш мыйзамга ылайык жүрүшү керек"

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Көлбаевдин криминалдык тобу менен күрөшүү соттун катышуусу менен болушу керек деген ойдо.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

“Канча мүлкү бар, ал мамлекетке өтөбү деген экинчи маселе. Негизгиси мамлекетте мыйзамдуулук болушу керек. Мыйзамды буздуңбу, жооп беришиң керек. Бирок мен бул жерде соттун эч кандай чечимин деле көргөн жокмун. Көлбаевдин мүлктөрү кантип конфискация болду? Көлбаев канча мыйзам бузду, анын тобу канча адамды өлтүрдү жана эмнелерди уурдап-тоноп алды, мунун баары ачык сотто далилдениши керек. Жөн эле өлтүрүп, анын мүлкүн тартып алуу мыйзамсыздык болуп жатат. Негизи Көлбаевди соттоп, андан кийин мүлкүн алышы керек. Азыр кайсы мыйзамга таянып иш кылып жатышканы белгисиз”.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев криминалга каршы күрөштүн аягы менен мыйзам үстөмдүгү орной турганын жана мыйзам өлкөдөгү жалгыз эреже боло турганын белгилеп келет. Күрөштүн алкагында алынган мүлктөр толугу менен мамлекетке өткөрүлүп жатканын былтыр өкмөттүн жыл соңунда парламенттеги угууда айткан жайы бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов криминал менен күрөш туура нукта жүрүп жатканын жана бул аракетти колдоо зарыл деген пикирин айтты:

“Биз криминал менен коррупцияны жеңмейинче өнүгө албайбыз. Бизди артка тартып жаткан көйгөй – ушулар. Криминалга каршы күрөштү колдошубуз керек жана бул туура нукта баратат. Мүлктөрдү алып мамлекетке өткөрүү жагында баарын нотариалдык жактан туура кылып жатышкандай. Негизгиси бул күрөштү колдоо керек”.

Министрлер кабинети криминалга каршы күрөштү күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анда криминалдык топтордун мүчөлөрүнө жазаны күчөтүп, аларды өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG