Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

"Салимбай байбачанын" ишиндеги жаңы жагдайлар, Кыргызстандагы окуялардын таасири


"Салимбай байбача" же "Салимбай" деген каймана аттары менен таанылган Салим Абдувалиев.
"Салимбай байбача" же "Салимбай" деген каймана аттары менен таанылган Салим Абдувалиев.

"Азаттыктын" өзбек кызматы өзүнүн бир нече ишенимдүү булагына таянып, "Салимбай байбача " деген каймана ат менен таанылган Салим Абдувалиевдин ишинде Кыргызстандагы соңку окуялардан кийин жаңы эпизоддор жаралганын жазып чыкты. 

Өзбекстанда уюшкан кылмыштуу топторго каршы рейддин алкагында Салим Абдувалиев өткөн жылдын соңунда камалган. Эки айдан бери тергөө Абдувалиевге козголгон иштин чоо-жайын коомчулукка ачык билдире элек.

"Салимбай байбача"

Маалыматтарга караганда,"Салимбай байбача" алгач «Таш абагында» кармалып, андан кийин Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Ташкенттеги убактылуу кармоочу жайына которулган. Бирок иш боюнча жаңы эпизоддор пайда болгондон кийин, анын азыр кайда кармалып турганы жашыруун.

"Озодликтин" ишенимдүү булактары Салим Абдувалиевдин кылмыш ишиндеги жаңы эпизоддорду Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин билдирүүлөрү менен байланыштырат. Журналисттер бул божомолдордун бирин да расмий ырастай алган эмес. Өзбекстандын Ички иштер министрлиги тергөө аяктагандан кийин гана маалымат берилерин билдирген.

"Азаттыктын" дагы бир булагы - Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери. Ал “Салимбайдын” иши боюнча тергөөдөгү жаңы учурлар бир гана Кыргызстандын жетекчилигинин билдирүүлөрү менен чектелбестигин белгилеген. Анын айтымында, Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев өлгөн соң Борбор Азиядагы кылмыш дүйнөсүнүн лидеринин орду бошогон. Эксперт Өзбекстандагы рейдге Көлбаевдин айланасындагы окуялар да себеп болушу мүмкүн деп божомолдойт.

Өзбекстандын атайын кызматы 2017-жылдан бери өлкөдөгү Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп келген 73 жаштагы Салим Абдувалиевди былтыр декабрда камаганы белгилүү болгон. Буга чейин ал шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланышта болгону айтылып келген. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган.

Салим Абдувалиев.
Салим Абдувалиев.

Салим Абдувалиевдин камалышынан кийин Кыргызстанда дагы бир нече саясий окуялар болду.

25-январда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин камады. Башкы прокуратура ага чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып менен 26-декабрда кылмыш ишин козгогон. Анда депутат туура бир жыл мурда, 2022-жылдын декабрь айында Өзбекстандын Ташкент шаарына "Салим байбача" деген ат менен таанылган Салим Абдувалиевге жолугуу үчүн чек арадан мыйзамсыз өткөнүн билдирген.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Жамгырчиевге чек арадан мыйзамсыз өткөнүнө байланыштуу Өзбекстанда дагы кылмыш иши козголгонун айткан. Ташиев депутат "Салимбай байбачага" кат жазганы аныкталганын билдирген.

“Чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган Кыргызстандын бир да жаранын камабайбыз. Камаган да эмеспиз. Эмил Жамгырчиевге айтып койгула. Камалбайт. Келсин да, сотто жооп берсин. Кармабайбыз, камабайбыз. Салим Абдувалиев - Өзбекстандын кримтөбөлү деп ачык эле айтышыбыз керек. Эмил Жамгырчиев андан колдоо издеп, биздин мамлекеттин башында отурган кызмат адамдарын жамандап, аларга чара көрүүнү суранып, ошол кишиге барып атат. Бул эмне деген акмакчылык?” - деген Ташиев.

Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев.
Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев.

Ал эми президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Жамгырчиев өзбекстандык ишкер "Салимбай" деген каймана ат менен таанылган Салим Абдувалиевге кайрылып, «эки досту» жок кылууга жардам берүүнү суранганын айткан.

Эмил Жамгырчиев соңку окуялар тууралуу 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында учкай комментарий берген. Анда депутаттардан сот өкүмү чыккыча аны сындабай турууну суранган.

Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

"Депутат эмес, жөнөкөй эле жаран катары кесиптештеримден суранат элем. Алдын ала сын пикир айтуудан алыс болсок деген суранычым бар эле. Адамдын күнөөсү барбы же жокпу деп сот өкүмү чыксын. Менин айланамдагы жагдайга байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө аяктагандан кийин иш сотко барат. Сотто менин дагы маалыматтарым болот. Ошол маалыматтарды угуп, сот өкүмү чыккандан кийин гана бири-бирибизге сын-пикир айтсак деп суранып кетет элем. Себеби менин артымда деле ата-энем бар, үй-бүлө, бала-бакыра деген бар. Аларды дагы, өзүмдү дагы ыңгайсыз абалга коюп жатабыз. Башыбызга ушундай иш түшүп калса, карайлап калат экенбиз. Ошондуктан соттун өкүмүн күтсөк деп суранып кетет элем".

Өзбекстандын криминалга каршы рейди

2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейддер өткөрүлүп жатканын билдирген. Ички иштер министрлиги өлкө аймагында 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялаган. Анын алкагында "Бахти Ташкентский" деген каймана ат менен белгилүү болгон Бахтияр Кудратуллаев, “Сайидазиз медгородок” деген каймана ысымы бар Саидазиз Сайдалиев сыяктуу кримтөбөлдөр кармалган.

Рейд аяктаганына эки ай болсо да, анын алкагында козголгон кылмыш иштери жана камакка алынган адамдардын так саны дагы деле белгисиз.

23-январда “Озодлик” Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Шохрух Гиёсовго рейддин жыйынтыгы тууралуу суроолор менен кайрылган.

Гиёсов "бул суроолорго азырынча жооп бербей турганын жана тергөө аяктагандан кийин расмий маалымат берилерин" билдирди. Ушундай эле жоопту камалгандардын айрымдарынын адвокаттары да айткан.

Кармалгандардын биринин жактоочусу иш тууралуу буларды айтты:

"Башында Өзбекстандын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасынын тергөөчүлөрүнүн көбү мындай операция тууралуу билишкен да эмес. Азыр тергөө толугу менен жашыруун өтүп жатат".

Адвокат ошондой эле тергөөнүн чоо-жайы боюнча ачыкка чыгарбоо келишимине кол койгонун, тергөөчүлөрдөн да дал ушундай тил кат алынганын кошумчалаган.

Ушундай эле жоопту "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчыларына кармалгандардын ата-энелери узатышкан.

"Салимбай байбача", Камчы Көлбаев, Борбор Азиядагы крим төбөлдөргө каршы күрөш

Былтыр октябрдын башында коңшу Казакстанда дагы бир катар медиа каражаттары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн жапырт кармоо башталганын жазган. Жамбыл, Түркстан жана Жети-Суу облусундагы күч органдарынын атайын операциясында 70тен ашык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган. Бир айдан кийин бул боюнча президенттин расмий медиа ресурсу саналган Телерадиокомплекс каналы “Ликвидация” деп аталган атайын тасма жарыялаган.

Ошол эле айда Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган 49 жаштагы Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин кыргыз бийлиги өлкөдө криминалга каршы аёосуз күрөш башталганын жарыялаган. Көлбаев менен байланышта делген уюшкан кылмыштуу топтун ондогон мүчөлөрү кармалып, ондогон мамлекеттик кызматкерлер иштен айдалган.

Декабрда Өзбекстандын полициясы өлкө аймагында криминалдык кырдаалды жакшыртуу боюнча биз жогоруда сөз кылган 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялаган.

Жогорудагы окуялар Борбор Азия лидерлеринин криминал менен күрөшүнүн айланасында бир нече суроолорду пайда кылды.

Саясий серепчи Рафаэл Саттаров Казакстандын Exclusive.kz басылмасы менен болгон маегинде Өзбекстандагы криминал менен күрөштү мындайча чечмелейт:

Рафаел Саттаров.
Рафаел Саттаров.

"Өзбек коомчулугу кандайдыр бир окуя болгондо дайым "Каримовдун маалында" деп салыштырып же мисал келтирип калышат. Азыр Каримов болсо деле каралар менен күрөш жүрмөк. Азыркы болгон учурларды, тескерисинче, ал кездегиге караганда кыйла жөнөкөй десек болот. Бирок чөлкөмдөгү бүгүн болуп жаткан окуялар, менимче, лидерлердин бул жакта "ким кожоюн" экенин далилдөө максатын көздөйт".

Ал эми Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамов Борбор Азиядагы окуяларга мындай сыпаттама берди:

"Каралар менен күрөшкөн лидерлердин негизги максаты - өзүлөрүнүн авторитардык бийлигин сактап калуу. Соңку окуяларга Путиндин Пригожин менен тиреши да себеп болду. Борбор Азиядагы жетекчилер криминал өкүлдөрү дал ошол Пригожиндей туруксуздукка түрткү берет деп кооптонушат".

Ал арада Кыргызстанда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” жана “Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлорун коомдук талкууга чыгарды.

Документте уюшкан кылмыштуулук коомдук, экономикалык жана саясий турмушту дестабилдештирүүчү, социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууга тоскоолдук кылган негизги факторлордун бири экени жазылган.

Министрлик Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун 400дөн ашуун активдүү мүчөсү бар экенин, өлкөдө уюшкан кылмыштуулуктун масштабы улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын билдирди.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG