Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Эрдогандын эки президентти эпке келтирүү аракети


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган апта башында Орусиянын лидери Владимир Путин, андан соң Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөштү.

Эрдоган Москва менен Киев эпке келсе, жаатташкан тараптардын кийинки сүйлөшүүсүн Стамбулда өткөрүүнү сунуштаган.

Анкара билдиргендей, Эрдоган Стамбулда Орусиянын, Украинанын жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) үч тараптуу сүйлөшүүсүн өткөрүүнү сунуштады. Ал ошондой эле Москва менен Киев кепке келсе, Түркия Украинага байкоочу миссиясын жөнөтүүгө даяр экенин айтты.

Путин менен Эрдоган. 8- январь, 2020-жыл.
Путин менен Эрдоган. 8- январь, 2020-жыл.

Шаршембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков түрк лидеринин сунуш кылган Орусия, Украина жана БУУнун жолугушуусу боюнча азырынча так маалымат жоктугун билдирди.

Песков журналисттердин "Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Түркияга 8-июнда боло турган сапары ушул жагдайга байланыштуубу?" деген суроосуна "бардык окуялардын кыйыр түрдө байланышы бар" деп жооп берди.

Кремл эки президент украин портторунан дан азыктарын чыгаруу жана Кара деңиз менен Азов деңизинде кемелердин коопсуздугун талкуулаганын маалымдап, орус-украин сүйлөшүүсү боюнча сөз болгонун тактаган жок.

Вашингтон Анкаранын глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана Москва-Киевди мунасага табууга чакырган аракетин кубаттады.

Нед Прайс.
Нед Прайс.

"Биз түрк союздаштарыбыздын бул согушту токтотуу, биринчи кезекте зомбулукту азайтуу үчүн жасап жаткан дипломатиялык аракеттерин түшүнөбүз жана албетте, колдойбуз. Ошондой эле Украинада өндүрүлгөн тамак-ашты, анын ичинде дан азыктарын экспорттоону жеңилдетүү жолдорун табуу аракети бар",- деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс шаршембиде.

Ал эми БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш шейшембиде Түркиянын Украинанын дан азыктарын экспорту боюнча туңгуюкту чечүү аракетине «ыраазычылык» айтканын анын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик билдирди.

Антониу Гуттериш.
Антониу Гуттериш.

Ошол эле күнү Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Анкара Орусия менен Украинанын ортосунда дан ташыган кемелерди порттордон чыгарууга жана Кара деңизди минадан тазалоого көмөктөшүү сунушун киргизгенин айтты.

Түрктөрдүн башкы дипломаты деңизди минадан тазалоого бир-эки жума кетерин кошумчалады.

Ал арада Зеленскийдин басма сөз катчысы Сергей Никифоров учурда Украинанын портторунда 22 миллион тонна буудай кемелерге жүктөлүп, бирок чыгара албай жатканын билдирди. "Настоящее время" телеканалын менен болгон маегинде Никифоров Эрдоган менен Зеленский дан азыктардын деңиз аркылуу экспорту талкууланганын айтты.

"Азыр Украинанын портторунда 22 миллион тонна эгин жыйылып турат. Бул өтө көп. Аларды кандайдыр бир жол менен алып чыгуу керек. Бул үчүн оболу орус аскерлери басып алынган порттор бошотулушу керек. Ал үчүн бир канча вариант бар. Биринчиден, Орусия менен Украина макулдашып, кемелерди коё берет жана Украинанын коопсуздугуна кепилдик бергенге үчүнчү тарап болот. Экинчи вариант, Украинага кемелерге каршы ракеталарды жеткирүү керек. Украина баарын өзү уюштуруп, портторду өзү блокададан чыгарат. Анда Орусиянын макулдугунун кереги жок. Түркия үчүнчү вариантты сунуштады. Ал тууралуу азыр маалымат бере албайм".

Буга чейин Путин Москва Батыш санкцияларын жумшартмайынча, Украинадан эгин экспортун жандандыруу мүмкүн эместей көрүнүп турганын билдирген. Кремлдин сайтында жазылгандай, Путин Орусия "дан эгиндерин тоскоолдуксуз экспорттоо, анын ичинде Кара деңиздин портторунан украин данын чыгаруунун жолдорун табууга жардам берүүгө даярдыгын" айткан.

Анткен менен Кремл Украинанын портторун бөгөтөө санкциялык режимди жумшартуу менен байланыштуу экенин ачык-айкын айтат.

"Орус жер семирткичтерин жана айыл чарба азыктарын жеткирүү дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы чыңалууну азайтууга жардам берет. Бул, албетте, тиешелүү санкциялык чектөөлөрдү алып салууну талап кылат",- деп билдирген расмий Кремл.

Украина буудай, жүгөрү жана күн карама майын экспорттогон дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн бири. Орус аскерлери учурда Украинанын Кара деңиздеги портторун жаап, дүйнөлүк азык-түлүк менен коопсуздугун коркунучка кептеп жатат.

Эл аралык коомчулук буудайдын негизги экспортерлорунун бири Орусияны портторду ачып, украин данын экспорттоого уруксат берүүгө үндөөдө.

Түркия Украина жана Орусия менен Кара деңиз аркылуу чектешет. Анкара Орусиянын Украинага согуш ачканын сындаганы менен, өзүн жаатташкан эки тарапка ортомчулук кылууга аракет кылган нейтралдуу позицияда көрсөтүп келет.

Батыш согуштан улам бир катар өлкөлөрдө азык-түлүк каатчылыгы жана ачарчылык болушу ыктымалдыгын байма-бай эскертүүдө. Анткени бул эки мамлекет тең эгин экспорттоочу өлкөлөрдүн сап башында турат. Март айында БУУ азык-түлүктүн баасы 12 пайыздан ашык жогорулаганын белгилеген. Бул 1990-жылдан берки рекорддук көрсөткүч.

Анкара Орусиянын украин жергесине басып киргенин сөз жүзүндө айыптап, бирок Орусияга каршы санкцияларга кошулган жок. Украина менен Орусиянын делегацияларынын соңку бетме-бет сүйлөшүүсү 29-мартта Стамбул шаарында өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG