Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:06

"МАИден качкан". Окуучу сүзгөн Элзаданын беш баласы энесиз калды


Элзада Ибраева
Элзада Ибраева

Нарында жол кырсыгынан каза болгон 41 жаштагы аялдын өлүмүнө 8-класстын окуучусу шек саналууда. Ал окуя болгон күнү бир тууган агасынын автоунаасын уруксатсыз айдап чыкканы айтылууда.

Өспүрүм милиция кызматкерлеринен качам деп, жөө жүргүнчүнү коюп кеткен.

"Уулун үйлөнтүүгө жетишпей калды"

41 жашында бейажал кеткен Элзада Ибраеванын беш баласы энесиз калды. Балдардын улуусу 22 жашта, кичүүсү жаңы эле төрткө толгон. Ал азыр апасын издеп, куса болду.

Маркумдун бир тууган иниси Бакай Ибраев эжеси улуу баласынын жакшылыгын көрбөй кеткенине кейиди:

Элзада Ибраева
Элзада Ибраева

"Элзада эжем улуу баласы Мырза үйлөнсө келиндүү болом деп сүйүнүп жүргөн. Жездем экөө тойго даярданып, үйүн оңдоп жаткан. Мен аларга жардамдашып жүрдүм эле. Эжекемдин беш баласынын төртөө эркек, бирөө кыз. Ошол жалгыз кызы ага өтө ынак болчу. Балдарынын жакшылыктарын көрбөй калды. Кырсык болгонун угарым менен жетип келдим. Моргго кирип, эжекемдин жанчылып кеткен буттарын таңып чыктым. Сөөктөрү бычырап кетиптир", - деди ал.

Ошол күнү каргаша Элзаданын үйүнүн жанында, таламандын так түшүндө болгон. Кырсыкка күбө болгон маркумдун кошунасы Совет Мамбетисаев Элзаданы өспүрүм бала сүзүп кеткенин айтууда.

“Сыртка көмүрдүн күлүн төккөнү чыккам. Бир убакта “тарс” деген үн чыкты. Карасам, ак түстөгү машине электр көмөк чордонун сүзүп токтоп туруптур. Артынан МАИ кызматкери келип, рулдагы баланы “тиги аялды өлтүрдүң” деп бир чапты. Карасам эле, трансформатор менен машиненин тумшугунун ортосунда бир аял кептелип калыптыр. Мен аны тирүү деп ойлоп, "машинени артка айдагыла" деп кыйкырдым. Тиги бала коркуп кетип эле машинесин артка жылдырганда, кыпчылып турган аял жерге кулап түштү. Көрсө, кошунам Жыргалбектин аялын сүзүп барып токтогон экен. Андан кийин эл чогула баштаганда, кубалап келген МАИ кызматкерин көрбөй калдык”, - деди Мамбетисаев.

Жакындарынын айтымында, маркум үйүнүн жанына жакын тигүү цехинде иштечү экен. Анын күйөөсү Жыргалбек Ырысаалы уулу кырсык болгон күнү келинчегин үйдөн узатып чыккан экен.

Элзада Ибраева күйөөсү жана балдары менен
Элзада Ибраева күйөөсү жана балдары менен

“Аялым "жумушка барып келе калайын" деген. Дарбазадан чыгарып коюп, кайра үйгө кире элегимде аны сүзүп кетпедиби. Буту денесинен ажырап, бели үзүлүп кетиптир. Аны көрүү канчалык оор болгонун айтып бере албайм. Сүзгөн баланын жакындарынын кайдыгер мамилеси ачуумду келтирип жатат. Милициянын тергөөсү да жакшы жүргөн жок”, - дейт Жыргалбек.

Милицияга кол көтөрүү болгонбу?

Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу окуя 21-ноябрда болгонун билдирди.

"Нарын шаарынын Арал көчөсүндө жайшаган Д.Э. аттуу 8-классынын окуучусу ата-энеси шаарга кетип, көзөмөлсүз калгандыктан, ал үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, үйүнүн короосунда токтоп турган бир тууган байкесинин унаасын айдоого укугу жана күбөлүгү жок айдап чыккан. Нарын шаарынын Жаңы жол көчөсүнө бурулуп жатып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерин көрүп, андан качуу максатында, жолдун чети менен жөө келе жаткан 1982-жылы туулган И.Э. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан кийин жолдон чыгып кетип, трансформатордун бетонун сүзүп токтогон. Натыйжада И.Э. аттуу жөө жүргүнчү окуя болгон жерде көз жумган”, - деди Айткул уулу.

Милициянын маалыматына караганда, бул окуядан кийин машине айдоого укугу жок жана жашы жете элек өспүрүм айдоочунун агасы менен жакын туугандары Нарын райондук Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн М.У. аттуу кызматкерин "көз жумган жарандын туугандарынан кечирим сура" деп ур-токмокко алышкан. Ал кызматкер денесинен жараат алып, ооруканага жаткырылган. Учурда бул окуя териштирилип жатат.

Бирок шектүү өспүрүмдүн атасы Айбек Касымбаев милициянын маалыматына кошулбайт. Ал уулу кырсыктан кийин коркуп калганын, учурда ооруканада жатканын айтууда:

"Уулум азыр неврологияда жатат. Дарыланып, бир аз өзүнө келип калды. Врачтар уулумду "катуу коркуп калган" дешти. Ал эми милицияга кол көтөрдү деген маалымат калп. Окуя болгондон кийин бизди милициянын облустук бөлүмүнө чакырышкан. Биз барганда, уулумду кубалаган МАИ кызматкерин "өлгөн тарапка эмнеге барбай жатасың, сенин да күнөөң бар" деп айтканбыз. Ал жерде күбөлөр бар. Эч кандай сабоо болгон эмес".

Ата-эне жоопкерби?

Кыргызстанда жол кырсыгына байланыштуу көйгөй курч бойдон кала берүүдө.

Мындан эки жыл мурда, Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолундагы кырсыктан 13 жана 14 жаштагы эки өспүрүм каза болгон.

Анда "Мерседес Бенц" үлгүсүндөгү жеңил унааны айдап бараткан 14 жаштагы бала рулду башкара албай жол четиндеги түркүктү сүзүп, жеринде каза болгон. 13 жаштагы жүргүнчү "Тез жардам" унаасында үзүлгөн. Айрым маалыматтар боюнча, өспүрүм атасы үйүндө жок кезде автоунааны айдап, кырсыкка кабылган.

Айдоочулар коомунун өкүлү Дүйшөн Токтакунов буларга токтолду:

"Мындай жагдайда ата-энелердин жоопкерчилиги жогору. Мисалы, Нарындагы окуяны алалы. Ал жерде Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлерин көрүп туруп өспүрүм айдоочу качкан деп айтылып жатпайбы. Алар өспүрүмдү токтотууга аракет кылышса керек".

Расмий маалыматка ылайык, быйыл тогуз айда 4 миң 800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам мерт болду. Өткөн жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгону айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG