Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:27

Анкара менен Москваны түпөйүл кылган кол салуу: "Абдулла" ким?


"Крокус Сити Холлго" кол салууга шектүүлөрдүн бирин кармоо учуру. Орусия.
"Крокус Сити Холлго" кол салууга шектүүлөрдүн бирин кармоо учуру. Орусия.

Түрк медиасы Москвадагы кандуу кол салууга шектүүлөрдүн бири Орусияга Түркиядан барганын, бул Анкаранын тынчын алып жатканын жазды. "Важные истории" басылмасы Тажикстанда туулуп-өсүп, кийин орус жарандыгын алган делген Абдулло Буриев тууралуу жазды.

Москванын сыртындагы "Крокус Сити Холл" борборуна кол салган жоочулар көрсөтмөлөрдү белгисиз кишилерден алганы, карапайым калкка аёосуз ок атканга чейин алардын бирөө Түркиядан жайбаракат чыгып кеткени Анкараны түйшөлткөн.

Таанымал түрк журналисти Фатих Алтайлы Москвадагы кандуу окуяга аралашкандардын бирөө Стамбулдан учуп барганын жазды.

"Тажикстандык террорчу 140тан ашуун адамдын өмүрүн алган чабуулду ишке ашыруу үчүн 4500 доллар алганын айтыптыр. Ал кол салууну Түркиядагы бир кишинин көрсөтмөсү менен кылыптыр. Орус чалгындоо кызматы көрсөтмө берген киши тууралуу Түркияга маалымат берет чыгар, бирок бул мени тынчсыздандырбайт. Элестеткиле, бир кишини 32 долларга өлтүрүүгө даярлар арабызда жүрүшөт. Биздин чек аралардан өтүп келишет, арабызда жүрүшөт, буйрук келсе, барып киши өлтүрүшөт, качып чыкса, кайра эле биздин арабызга келишмек", - деп жазды Алтайлы.

Москвадагы кандуу кол салууга шектүүлөрдүн биринин Түркиядан Орусияга кириши Анкараны түйшөлткөн. Алардын бири Мурат Йеткин терроризм боюнча Анкара - Москва арасында "кызматташуу катуу" жүрүп жатканын YouTube каналында айтты.

SOTA Телеграм-каналынын маалыматында, кармалгандардын баары - Тажикстандын жарандары. Шектүүлөрдүн бири Фаридун Шамсиддин 25 жашта. Үй-бүлөлүү, сегиз айлык баласы бар. Сотто ал Подольскидеги бир заводдо жумушчу болуп иштегени айтылды.

This image contains sensitive content which some people may find offensive or disturbing.
Шамсидин Фаридуни
Шамсидин Фаридуни

Кремлдин пропагандачысы, RT (Russia Today) мамлекеттик телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян 23-мартта Шамсидинди Брянск облусунда кармаган күч кызматкерлери чөгөлөтүп алып, суракка алган видеосун жарыялаган.

Анда ал буга чейин Түркияда мыйзамсыз жүргөнүн, 4-мартта Орусияга учуп келип, өзүн Абдулла деп тааныштырган киши менен Телеграмдан таанышканын, "Крокус Сити Холлго" кол салуу үчүн сунушталган 1 миллион рублдин жарымы банк картасына которулганын айткан. Суракта Фаридун Шамсиддин күнөөсүн мойнуна алган.

Абдулло Буриев деген ким?

Кармалган шектүүлөрдүн бири суракта аны менен байланышка чыккан Абдулло аттуу адам тууралуу айткан. "Важные истории" басылмасы Тажикстанда туулуп-өсүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган делген Абдулло Буриев жөнүндө сөз болуп жатканын божомолдойт.

Sabah басылмасынын маалыматы боюнча, Түркия Буриевди Стамбулдагы теракттын уюштуруучуларынын бири катары эсептейт. Жыл башында Стамбулдагы католиктердин чиркөөсүнө кол салуудан бир адам каза болгон. Түрк басылмалары белгилегендей, Буриев чиркөөгө кол салууну уюштургандарды автоунаа менен камсыздап, андан кийин Стамбулдан Орусияга учуп кеткен. Ал азыр кайда экени белгисиз. Орус бийлиги анын кармалышы тууралуу маалымат бере элек.

Түрк журналисти Йеткин 2015-жылы Анкарадагы жардырууда жүздөн ашуун киши, 2016-жылы Стамбулдагы Ататүрк аэрпортундагы террордук кол салууда 45 киши, 2017-жылы "Рейна" түнкү клубуна кол салууда 35 киши көз жумганын, бул кандуу калабаларга борбор азиялыктар катышканын кошумчалады.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, Түркияда ар кандай экстремисттик уюмдарга мүчө болгон борбор азиялык 3 миңге жакын үй-бүлө жашайт. Алардын бери дегенде миңге жакыны өзбекстандыктар.

Деген менен түрк расмий мекемелери азыркыга чейин өлкөдө экстремисттик топторго мүчө болгон борбор азиялык канча киши бар экенин маалымдай элек.


Түркиялык журналисттердин тынчсыздануусунун жөнү бар. 28-январда Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая кол салуудан кийин кармалгандардын экөө ИМдин мүчөлөрү экенин, бирөө орусиялык, экинчиси тажикстандык жаран экенин билдирген. Көп өтпөй "Ислам мамлекети" террордук уюму Стамбулдагы католиктердин чиркөөсүндөгү кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.

Ошондой эле Түркияда христиандардын храмдарын жана синагогаларды, Ирактын элчилигин бутага алган теракттарды даярдаган деген шек менен ондогон кишилер кармалган. Алар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү болгону айтылган.

Түркияда он айда 2733 шектүү кармалган

Министр Йерликая соңку он ай ичинде Түркияда "Ислам мамлекети" террордук уюмуна мүчө делген миңдеген шектүүлөр кармалганын Твиттерге жазды.

"2023-жылдын 1-июнунан 2024-жылдын 23-мартына чейин "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы жалпысынан 1316 операция уюштурдук. Анын жүрүшүндө 2733 шектүү кармалды. Алардын ичинен 692си камакка алынды. 529уна соттук көзөмөл чечими чыгарылды".

Али Йерликая кармалгандардын канчасы чет өлкөлүк экени белгисиз.

Өткөн айда иликтөөчү журналисттер террордук уюмдарга мүчө чет өлкөлүктөр Түркияда жасалма документтер менен туруктуу жашап жатканын айтып чыгышкан. Буга Мерсин шаарындагы "Аккую" атомдук электр станциясынын курулушунда жасалма документ менен иштеген, "Ислам мамлекети" уюмуна мүчө делип Интерполдо издөөдө жүргөн орусиялык жарандын кармалышы себеп болгон.

13-февралда парламентте сөз сүйлөгөн оппозициячыл депутат Али Махир Башарыр өлкө коопсуздугу коркунучта экенин, буга бийликтин тыкыр көзөмөлү жоктугун айткан:

"Интерпол тарабынан издөөгө алынган террорист "Аккую" атомдук станциясында жасалма документ менен иштеп жатканда кармалды. Биз бул жерде улуттук коопсуздук маселеси бар деп кыйкырып, иликтөө сунушун бердик, бирок бийликтеги партиялар четке кагышты! Коопсуздуктун начар камсыздалганы айдан ачык!".

Түрк полициясы соңку жылдары Түркияда "Ислам мамлекетине" мүчө деп ондогон борбор азиялыктарды да депортациялаганын кабарлап келет.

Былтыр жайында Стамбулда радикал топтун "Хорасан" канатынын лидерлеринин бири тажикстандык Шамил Хукуматов камалган. Түрк маалымат каражаттары билдиргендей, "Абу Мискин" деген каймана ысымы менен белгилүү Хукуматов террордук топтун катарына жаңы согушкерлерди азгыруу менен алектенген.

2022-жылы Түркия Тажикстанга "Абу Довуд" деген ылакап ат менен белгилүү Парвиз Саидрахмоновду өткөрүп берген. 2022-жылдын соңунда Дүйшөмбү соту Саидрахмоновду бир нече оор кылмышка, анын ичинен чет өлкөнүн аймагында куралдуу жаңжалга катышканы жана башкаларды ал жакка азгырганы үчүн күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыраткан.

"Ислам мамлекети-Хорасан" террордук тобу тууралуу алгач 2015-жылы маалымат тараган. Бул топ негизги ишмердигин Ооганстан менен Пакистандын аймагында жүргүзөт. Аны менен катар байыркы Хорасан провинциясы азыркы Түркмөнстан, Иран, Өзбекстан жана Тажикстандын аймагында жайгашкандыктан, топ бул аймактарды өзүнө каратып алууну көздөйт.

Террордук топтун баш кеңсеси Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында жайгашкан. 2016-жылы АКШнын мамдепартаменти "Ислам мамлекети-Хорасан" тобун террордук уюмдардын тизмесине киргизген.

Былтыр Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши "Хорасан" канатынын ишмердигине тынчсыздануу билдирип, ал Ооганстанга жана Борбор Азия мамлекеттерине "олуттуу коркунуч" туудурушу мүмкүн экенин эскерткен.

Уюмдун "Ислам мамлекети" радикал тобунан тараган коркунуч тууралуу баяндамасында бул топтун жоочуларынын саны 4 миңден 6 миңге чейин экени (үй-бүлө мүчөлөрү менен бирдикте) белгиленген.

"Ислам мамлекети" тобун Кыргызстанда сот экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG