Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:39

Абак күндөлүгү: Кайраттуу адамдарсыз эл бүлүнөт


Олжобай Шакир сотто. Аламүдүн райондук соту. 6-декабрь, 2023-жыл
Олжобай Шакир сотто. Аламүдүн райондук соту. 6-декабрь, 2023-жыл

Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист.

Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

  • Олжобай Шакир абактан жазган кезектеги катын адвокаты аркылуу берип жиберген. Автордун көркөм чыгармасы өзгөртүүсүз берилди жана ал "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Көлөкө менен жарыкты тааный албай...

Пропаганда дагы эле өз ишин кылып, көлөкө менен жарыкты тааный албагандардын мээсин тумандаткан Кремлдин саясатынан элибиз качан кутулар экен?!

Жеке менчиктин аркасы менен эл эми ирденип, эми турмушу оңолгонун качан аңдайбыз?! Отуз жылдан бери мамлекеттик мекемеде иштегендердин чекеси жылыганын көрдүкпү? Кайсы мамлекеттик мекемеде кызмат кылгандар маянадан жыргап келишти?

Жеке менчикке өткөн объектилер мамлекетке кайра кайтарылган күнү итке минип каларыбызды түшүнө элек жарандарыбыз дагы эле мамлекетке малай болуп каларын ойлобогону өтө кооптуу.

***

Эгер Курултай институту жыл сайын ушул маанидеги демилгелерди кайталай берсе эле өз башын иштетпегендин көбү бышы кулак болуп бүтүп, жеке менчиктер мамлекетке четинен кайтарыла баштабаса болду жакынкы жылдарда!

Ал аз келгенсип мамлекеттик теле каналдар мындай тезистерди үстөккө-босток кайталап, жеке менчик ээлерине болгон элдин жек көрүү сезимин ойготуп, баарын мамлекетке кайтаруу жараяны болуп кетиши тез эле. Эл өзү мүлккө ээлик кылуудан ыктыярдуу баш тартканы курусун анда: совет заманында бекер оокатка кынык алгандардын жоон топ аскери пайда болушу ыктымал. Бийликтин амалы күч ар дайым, анда эле мамлекеттик теле каналдарда пропаганда күчөйт: “өлгөндөргө жер бекер болот”, “билим берүү бекер”, “медицина бекер”, “бекер... бекер... бекер” деген күү менен кетпесек болду!

***

Айтор, бийликтин айдагына көнүп келген элибиз кайра эле бийликтин камчысын сагынып калганыбы, колуна эптеп тийген токочун мамлекетке кайтарып берүү оорусу вирустай жайылбаса болду. Ошентип отуруп биз да “өлгөндөргө жер бекер” деп кол чаап, кол куушурган коңшулардын кейпин кийбесек экен.

18.12.23

"Абак жашоосу жадатма боло баштады"

20-декабрь, таңы 06:10. “30” аттуу төрт айдан бери эрмектеп келген повестим бүттү. Башында аңгеме катары жазып жүрүп, ойлорум жетилген сайын узарып кетти. Бүткөн чыгармамдын урматы үчүн өзүмө жемиштерден фуршет камдадым. Жанымдагы шериктер уйкуда. Үстөлүмдө: апельсин, банан, мандарин, чагылган жаңгак, мисте, кешу. Суусундугума кофе жана лимон менен имбирь чыланган суу турат.

***

Бүгүн саат 16:00дө Аламүдүн райсотунда ишим каралат. Үй камагына чыгарышабы, жокпу – үмүт ошондо...

Кызыгы, аталган повестим башка күнү эмес, так бүгүнкүгө туш келип калганы сырдуу туюлат. Көп күндүн арасынан бүгүн бүтүп, бүгүн үйгө чыгып кетер болсом кана!

Абак жашоосу жадатма боло баштады. Үйдү сагындым. Назгүлүмдү сагындым. Кыштын карын жаншеригимдин мойнуна кар салгым келет. Ал экөөбүз аппак кар үстүндө күрөшүп, бири-бирибиздин моюнга кар салган күндөрдү сагындым.

Чолок ак тонумду кийип, кыртылдатып сыртта басып жүргөн күндөр көздөн учат. Жаншеригим менен талаа кыдырар элек кыштын кычыраган күндөрү. Соңку катында Назым өз кусасын жазыптыр мага. Экөөбүз жетелешип, карда күрөшкөн күндөрүбүздү сагыныптыр ал дагы...

“30”

Повесттин атын “30” дегенимдин себеби: бул биринчи камалгандагы камерамдын номуру. Үч ай отурдум анда. Бир ай мурда 32-камерага которушту. Бирок эс-акыл калчап, өлкөбүздүн эгемендигиндеги 30 жылдай аралыкта элибиздин башынан өткөн саясый турмуш, коомдук процесстерге аң-сезимдүү аралашкан мөөнөттү санап отурсам, болжолу ага да 30 жылдай болуп калат экен. Ошону менен повесттин аталышын да “30” санына байладым.

***

Өмүрүмдө далай күндөрдү бекерпоздукта өткөргөм, бирок ушул төрт айда колум жыртылганча иштеген учурларым болгон эмес. Өзүмдү алаксытуу үчүн да жазган күндөр болду...

***

Төрт ай аралыгында кол жазмам кыйла түзөлдү. Демек, жандүйнөмдө да кыйла түзөлгөндүрмүн...

30 жылдай жалаң компьютерде жазып жүрүп, башында келгенимде кол жазмам менен канча алыштым: тамгалардын куйругун да, башын да келиштире албай жүдөп, кыжалат болуп жүрдүм. Өз кол жазмамды өзүм шыр окуй албай, “Азаттыкка” жазган күндөлүгүмдү компьютерге тергендер мени далай сөккөндүр башында... Кийин ар бир жазганым кыздардын кол тамгасындай кооз болуп баштады.

...төрт айда көптү көрөсүң

Сотко камданып отурам. Камданып отурам дегеним: төрт айда көптү көрөсүң. Кээде төрт-беш саатка эрте алып кетиши толук мүмкүн. Маселен, меники бүгүн саат 16:00дө, бирок автозак эртең менен да келип калышы ыктымал. Ошол себептүү эртең менен эрте курсакты тойгузуп, чөнтөккө кургак мөмө-жемиштерден салып алам. Ошону менен Аламүдүн райсотунун маймылканасында сот процесси башталганга чейин акыйып отурмай. Бирок акыйып отурганыңа ыраазы болосуң аргасыз. Себеби автозак келбей калса, анык кордук ошол. Сотуң дагы жылдырылат. Автозактын айынан меники да буга дейре эки жолу жылдырылды!

Биринчи жолку Аламүдүн райсоту болбой калган себеби, автозак Сокулуктан бери арестанттарды чогултмак болуп, мага жетпей калыптыр. Кийинки, 12-декабрда боло турган сотумда автозак кыштын кычыраган суугунда от албаганы үчүн сотум бүгүнкүгө калтырылыптыр...

***

Айтор, бизде сот системасындагы кейиштүү абалдын бир гана көрүнүшү бул. Арийне, муну саясый мотивден да карабаш керек, саясат менен иши жок, тынч жүргөн арестанттардын көргөн күнү деле ушул. Алар деле автозактын же башка себептердин айынан темир тордо зарыгып отургандар!

***

Абакта отурган аялзатына “монашка” деген ат жабышарын темир тор жашоосунда уктум. Аламүдүн райсотуна ишим которулгандан бери мени ошол райсоттун автозагы алып кетет. Биринчи жолкуда УКМКдан түз алып барышкан жок мени, жолдо 1-абак жайга кайрылып, ал жактан 5-6 арестантты отургузушту. Адегенде мен отурган темир торго эмес, шоопурдун артындагы бош орунга киргизишти.

Келин экөөбүз тааныштык. Шайыр мүнөз жан экен. Ал-жайымды сурады. Мен анын ал-жайын сурасам:

- "Я монашка", - деди күлүп. Түшүнгөн жокмун башында. Кийин жетти ал да мага окшош арестант экенине. Тек гана колунда меникиндей темир кишен жок үчүн, мен аны абак кызматында иштейт ко деп ойлогом... Курган келин шылуундук үчүн абакта отурганына 1,5 жыл болуптур.

***

Саат 13:00, автозактан дайын жок. Нөөмөттө тургандардан сурасам, менин бүгүнкү сотуман эч кимисинин кабары жок экен. Мурдагы сот процесстеринен да кабары жок болчу алардын.

Ачкыч шылдыраса, улам эшикке кулак түрүп отургандан көрө Аламүдүн райсотунун маймылкана – темир торунда чөнтөгүмдөгү жаңгак, кургатылган жемиштеримди жеп отурганым артык болчу.

***

Саат 14:00. Автозак келе элек. Бул жолу да өткөндөгүдөй шылтоо болот окшойт: өткөндө суукта машине тоңуп, от албаптыр. Анда да сот процессим 15:00 болчу, а бүгүн 16:00. Түш оогончо от албаган эмне машине булардыкы?!

Арийне, бул мага эле тиешелүү көйгөй эмес, мамлекетибиздин, сот системасынын абалы деген кеп. Бийлик ээси саналган эл муну билүүгө тийиш. Мен го бул жакта өзүмдү башынан эле байкоочу катары санаган киши экенимди “Азаттыкта” чагылдырып келдим. Аныгында эл, өлкө жарандарыбыздын абактагы абалынан кабардар болсун үчүн чагылдыргандагым бул.

Мындайга жол бербөө үчүн эмне кылышыбыз керек?!

Өлкөнүн экономикалык өсүшүн мактап дамамат күпүлдөгөн өкмөттөгүлөр, мамлекеттик теле каналдар күнүгө какшайт, анан ушул райондук соттордо арестанттарды ташый турган автоунаа жетишпегени кандай?!

Эгер элибиз бийлик ээси экени анык болсо, эмнеге бул көйгөйдү бийликтен талап кылбашы керек?! Арийне, чоңдор, министр, депутаттар минген укмуштуу машинелерди айтпайлы, ушул райсотторго жөнөкөй автоунаа бөлүп бере албаган бийликтин эмнеси бийлик?! Бул көйгөй коомчулукка, эл өкүлдөрүнө маалым болду бекен деги?..

Мурунку соттук процесстерим да өңчөй транспорт көйгөйүнөн улам кийинкиге жылдырылып келди. Мага окшогон дагы канча жарандарыбыз сот процесси кийинкиге жылдырылганынан зарыгып отурушат?..

***

Аламүдүн райсотунда биринчи барганымда да 15:00 сотум башталды, ага дейре маймылкана делген темир торунда эки саат сот процессин күтүп отурууга аргасыз болдум. Сотум бүттү, дагы эки сааттай маймылканада отурдум. Автозак келди, бирок ал УКМКга түз жеткирмеги кайдан, борбордук абак жайдагы арестанттарды биринчи жеткирип, мени караңгы күүгүмдө, саат 19:40та алып келишти.

Мына биздин экономикасы өнүгүп аткан бийликтин өз жарандарына “камкордугу”. Абак жайда отургандардын кимиси кылмышкер экенин эч бир сот аныктай электе деле, бизде ар бир жаран мага окшогон жазага кабылары адилетпи, жокпу?..

***

Сот процессин жарытып камсыздай албаган бийликтен талап кылууга тийиш коомчулук да! Себеби жамандык сыноолор эч кимди кыйгап өтпөйт. Эртең ар бирибиз туш болор жагдай бул.

Макул, мага окшогон жиндиге сырттагы эркиндик менен абактагы эркиндик окшош дейли. Мен бардык сыноого өзүмдүн рух айбатымды чыйралтып көнүп алган кишимин, бирок адамдын баары эле мага окшоп рухий эркиндиктин ээси эмес да...

***

Абакта мен бекерпоз эмесмин, бир чыгарманын артынан кайра жаңысын бүтүрүп отура берем. Эрмегим толтура. Эрмеги жок, бук болуп отургандар канча? Мамлекет мага боору оорубаса да, башка жарандарына мындай мамиле кылбашы керек. Бийлик башында отургандар деле темир тор жашоосун баштарынан өткөргөн. Андыктан бийлик жүргүзүүдө адамгерчиликтен кетпесе ошолор...

Кечээгисин бүгүн унуткан эки достун бийлигине бул көрүнүш абийир алып келбес. Жагдайды башкалар түшүнбөсө да, мурунку бийлик тушунда абак кордугун тарткандар эстен чыгарбашы керек темир тор артында жалдыраган арестанттарды!

20.12.123

РУХИЙ МАЙЫПТЫК

(Жарандык активист Перизат Сурановага арнайм)

Басынып көнгөн элбиз. Көндүрүшкөн.

Баш ийип үйрөнгөңбүз аргасыздан.

Өзөктөн рухубузду бөлдүрүшкөн:

Караңгы, түркөй дешкен – тамгасыздай...

Мокотуп дилибизди, тилибизди,

Моюнга минип көнгөн шовинизм.

Бурмалап тарыхнаама, жигибизди,

Кул, маңкурт кылып келген коммунизм!

Ыркы жок, алсыздыкты көрүп бизден,

Ансайын бөлүп-жарып башкарышты.

Бай-манап, жакшыларды бөлүп бизден,

Улукман ким – жаактарын шак жабышты.

Кадимтен көнгөн буга элибиз да,

Кайышып калктын мыкты каймактары.

Кыйратып кыр арканы, белибизди,

Кыргызды кыргызга терс айдактады.

Керээттүү кеби барды дудук кылып,

Кестирип кенен жайык чегибизди,

Шүдүңбай шүмшүктөрдү улук кылып,

Башкартып келди момун элибизди.

Көрөсөн көсөмдөрдү каматтырып,

Көргүлүк көргөзүштү – атып, кырып.

Кремль коркутканды адат кылып,

Калк көнгөн тилди тишке катып жүрүп.

Тарыхта кара тактар – өчпөс сыя,

Жок болуп чекесинен каркыбарлар:

Каар заман кирип келип – репрессия!

Карылар бүжүрөгөн: наркы калбай...

Басынып көнгөн элбиз. Көндүрүшкөн.

Баш ийип үйрөнгөнбүз аргасыздан.

Өзөктөн рухубузду бөлдүрүшкөн:

Караңгы, түркөй дешкен – тамгасыздай!

21.12.23

***

Декоммунизация, деимпериализация, деконолизация өңүтүндө көбүрөөк ой калчап, көбүрөөк сөз кылар кезибиз. Ансыз тамырыбызга, өзөгүбүзгө кайтуу кайдан?.. Улуттук эстутумдан ажыраткан Кремль төбөлдөрү, шовинисттери башка, орус эли башка экенин да ажыратып түшүнбөй келебиз. Анан эле Орусия бийлигин сындагандарды русофоб санагандар четтен табылат. Аныгында орус эли эбактан бери империялык оору, шовинисттик айыккыс дарттан жарыбай келген Кремль жетекчилеринин туткуну экенин аңдай элекпиз. Бизди тургай өз элин кулдук аң-сезимге баш ийдирип көнгөн Кремль төбөлдөрү биздей майда элдерди тургай, калдайган өз элин – орустарды кылымдар бою кыңк эткис калкка айлантып тынганын 18-19-20-кылымда эс-акыл калчаган орус интеллектуалдары, ойчулдары канча какшап келишти?! Тилекке каршы, улутка жапакеч, улут тагдыры үчүн чыркырап күйгөн орус элинин каймактары деле Жусуп Абдырахман баш болгон өзүбүздүн кеменгерлер сыяктуу көргүлүктөн баштары арылбай келишкен!

Орустун орошон ойчулдары деле саясый куугунтук азабын тартып, Европага сагаалагандан бөлөк арга калган эмес. Анткени өз эл, өз жеринде алар батпагыдай болушкан. Бийликке суук тумшук көрүнүп, далай ыдыкка кабылышкан. Жөн гана калк үчүн калыс позиция карманганы үчүн жазаланып келишкен. Бугүн да ошол саясат күчүндө!

***

Биз орус элин жек көрөр жөнүбүз жок, бирок орус элин шорлотуп келген Кремль саясатынын адилетсиз жактарын ажырата билүүгө тийишпиз. Кремль төбөлдөрү башка улут, башка этносторго аёосуз мамиле кылганын өз элине карата деле токтоткон жери жок: баш көтөрүп, каш каккандарын камашат, өлтүрүп тындырышат.

Расмий Маскөөнүн канкор төбөлдөрү өз эркиндигине умтулган чечен, грузин, украин калкынын канына забын саясат жүргүзгөнү – бизге да эскертүү! Бизге да Ормон опузасын кыйытканы...

***

Ырас, минтип тарых жазмышы бизди Орусия менен ажырагыс тагдырга байладыбы, эми ошол тарыхыбызда кетирилген каталарды оңдоо үчүн күрөшүүбүз керек. Ал күрөш орус эли менен тирешүү эмес, орус элин шорлоткон путинизм системасы деле орус падышачылыгы менен большевиктик-коммунисттердин саясый мураскору бойдон калганын аңдап-тааныганыбыздын өзү – чоң күрөштөгү жеңиш. Күрөштү биз кан майдан согуш талаасы деп элестетпей, аң-сезим горизонтубузду кеңейтип ачып, ошол кеңдикте улуттук эс-акылыбызда таанууга тийишпиз!

“Рухий майыптык” аттуу чыгармамды саясый майданга аттанып чыккан Перизат Сурановага арнаганымдын жөнү – саясый майданга кыз-келиндерибиз көбүрөөк аттанса деген аруу тилек, улуу кыял! Саясый маданият, саясый нарк, саясый аң-сезим, саясый агартуучулукта кыз-келиндерибиз коомдук-саясый турмушубузга батыл аралашуусу өтө маанилүү.

Улут көчүн жалаң мырзалар эле баштабай, кыз-келиндерибиз да саясый көчтү алыс сапарга багыттаса деген тилектемин...

***

Элди рухий майыптыкка кабылтпас жаңы саясый муун, жаңы дүбүрт, жаңы ысымдар таанылышы керек жаамы журтка. Кыз-келиндерибизди саясатка колдоп, көтөрөр, алдыга сүрөр кезибиз. Улуттун акыл чөйчөгү бир гана мырзалардын, жигиттердин шыбагасына буюрган дейсизби? Жок! Улут көрөңгөсү эрге да, аялзатка да буюрган. Экөө үзөңгүлөш чыкса, “байтал чуркап, байге албайт” эски түшүнүгүнөн арылар кезибиз.

***

Буга дейре рухий майып болуп келгенибиз жетет! Улуттун рухий гигиенасын, моралдык соолугун ойлонор жаңы генерациядагы саясый ишмерлер, коомдук ишмерлер, мамлекеттик ишмерлер Аялзат арасынан арбын болсун дейли. Саясый тизгин талашта билеги күчтүү мырзалар жеңиш ээси болуп калары турган иш, арийне, күчү билегинде эмес, жүрөгүндө уюган Аялзат өкүлдөрүнүн саясый жолу шыдыр болсун дейли!

21.12.23

КАЙРАТ

(Жарандык активист, белгилүү укук коргоочу, коомдук ишмер Рита Карасартовага арнайм)

Кайрат – бул кан, жандагы үзөңгүбүз,

Кайрадан келип турат күчөнгүбүз.

Азоого каргып минип, жарыш көздөп,

Алыскы сапарларга арыш кезмек...

Кайраттуу адамдарсыз эл эл болбойт,

Деспоттор бийликтеги элин кордойт.

Кайрат – бул энчибиздей уркубузда,

Кайраттуу ыйыбыз да, күлкүбүз да.

Кайрат – бул белек бизге жараткандан,

Карек жаш, как жүрөгүн канаткандар.

Аңдабайт ак-караны эл массасы,

А бирок кайраттуулар – эл кашкасы.

Чиренет үзөңгүгө, теминишет,

Үзөңгү жок баатырлар жеңилишет.

Бут тайса үзөңгүдөн – кулаганың,

“Күп” этип оонайт жерге тула боюң.

Баатырдан ат үстүндө аяр жаны,

Үзөңгү – тамандагы таянганы.

Калкына үзөңгүдөй майышпаган,

Кайраттуу жандар керек кайышпаган!

Кайрат – бул белек бизге жараткандан,

Карек жаш, как жүрөгүн канаткандар.

22.12.23

Жарандык коомду тар түшүнүктөн карабаш керек

Бул ырда оюмду канчалык жеткире алдым, билбейм. Образдуу ой менен туюнтканда, биздеги укук коргоочулар, жарандык коомдун жигердүү мүчөлөрү – элибиздин үзөңгүдөй таянычы! Мен да ошолордун сабында, катарында жүргүм келет дайыма.

Арийне, бул чыгармамды ошолордун ар бирине гүлдестедей сунгум бар. Ар бирин өз өзүнчө атап, ар бирине таазим кылгым келет. Алардын ар биринин ысымын атап, караламан калктын кашкөй каармандарынан жакшы сөз, жакшы тилектештигимди аянгым жок.

Себеби алар өздөрүн аянбаган, өздөрүн коомдук ишке жан дилинен берип койгон мекенчилдер! Тек бул чыгармамды Рита Карасартовага өзүнчө бөлүп арнаганымдын да жөнү бар...

Ританын жүрөгү таарылып, жүрөгү тилинип, көз жашын көөдөнгө жашырып жүргөнүн мен аны менен тиктешкен сайын көрөм. Көздөрүн муң басып турса да, кайрат-деми мага шык берген Кыз Сайкалыбыз ал!

Ритага окшогон кыз-келиндерибиздин башын жөлөп, таяныч боло албаганыма арданам кээде! Ушул кара кызыбыздай абийирдүү азчылык коомдун мүчөлөрү караламан массанын төө басты желесине кабылганын көргөндө, жанымды коёр жер таппайм!

Азиза Абдирасулова, Динара Ошурахунова, Асия Сасыкпаева, Төлөкан Исмаилова, Гүлнара Журабаева, Эркин Убышева, Сания Токтогазиева, Перизат Суранова, Таттыбүбү Эргешова, Элмира Ногойбаева, Рысгүл Акимжанова, Назира Айтбекова, Атыр Абдырахматова, Клара Сооронкулова, Венера Акматова, Бурул Усманова ж.б. (аттары аталбай кеткен дагы көптөрүнөн кечирим сурайм) сыяктуу алдыңкы саптагы күрөшчүл кайраты жанбаган эже-карындаштарыбыз чынында карамалан калк ичинде чыркырап турбаса, бүгүнкү, эртеңки багытыбызга көптөрү кайдыгер. Ошол кайдыгер жандар бейөкмөт уюм, жарандык коомдун өкүлдөрүнө не деген жарлыктарды тагып, кандай гана жектешпесин, бирок ошол кайдыгер жандардын башына күн түшөр болсо, ким аларга таман алдындагы таяныч-жөлөк экенин аңдашпайт!..

Жогоруда ысымы аталган укук коргоочулар, бейөкмөт уюм, жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү коргоп чыгат ошолордун укугун! Алар эч бир мекендешибиздин, эч бир жарандарыбыздын тагдырына кайдыгер карай албас жапакечтигин көрсөтүп турушат...

***

Ат үстүндө кыл чайнашкан тирештерде, күрөштөрдө, кармаштарда ким болбосун үзөңгүгө чиренип, үзөңгүдөн буту тайбас үчүн далбастайт. Үзөңгүдөн бут тайса – күм-жам. Арка мойну астында калары бышык. Аныгында караламан калктын таман таяп, бийликтин адилетсиздигинен жабыр тарткан учурда таянар күчү – бир гана жарандык коом! Биздин шартта элге таяныч болууга туруштук берер башка күч жок. Оппозиция да, интеллигенция да өз жанын коргогондор! Өлкө тагдыры опурталдуу абалга кептелгенде тикесинен тик турар бир гана жарандык коом бар бизде. Бирок ал бүгүн көрүнүп турууга аргасыз абал жаралды...

***

Адамга туура багыт көрсөтөр маяк кээде артка кетип, алдыны таамай көрсөтүү үчүн чегинет. Туура багыты анык болгондо гана алдыга илгерилейт. Учурда жарандык коомдун тынч алып калганы деле коомдук маяк...

***

Кайрат, деми суубаган мекенчил жарандык коомдун айтаар сөзү алдыда. Үзөңгүдөн бут таяр кез эмес. Эртеби-кечпи – расмий бийликке да үзөңгүдөй таяныч күч керек. Бийлик менен жарандык коом ортосунда диалог болмоюнча, бийлик алсыз. Анын таянары, албетте, эл. Эл бирок тар жол, тайгак кечүүдө эч качан иштин көзүн аныктап бура албайт. Бул эзелтен келген феномен. Эл ичинде туура жолду аныктагандар жарандык коомдон чыгат. Бул адамзаттын саясый тарыхынан, илимдин аныктамаларынан белгилүү.

***

Ат жалына минерде үзөңгүгө бут койгондой: алыс сапарга чыгарда темир тулпар поюз, самолёт, авто унаага болобу, тепкичке бут таянып, сапарга чыгабыз. Жарандык коом деле дал ошол элдик үзөңгү...

***

Жарандык коомду биз тар түшүнүктөн карабашыбыз керек. Эл жапа жабыр оор сыноого кабылганда жабалактап алга суурулуп чыккан жарандык коом бар бизде. Ковид апааты келгенде, Тажикстан менен болгон чек ара чатагында дал ошол жарандык коом элибизге таман таакат күч болуп, таяныч болуп берди. Андайда жарандык коом элге үзөңгүдөй чоң таяныч экен. Калпыстык жаралган учурда, бут тайып кетер кырдаалда жарандык коом элге үзөңгүдөй ишеним берерин өлкөдө болуп өткөн соңку окуялар төгүнгө чыгарбас.

Жарандык милдетин сезген эркин журналисттер, жалпы эли мекенчилдер жарандык күчкө айланып, жабалактап алга суурулуп чыгышат экен. Андыктан коомубузда жарандык сезими сергек мекендештер көп болсун деп тилейли!

***

Арийне, жарандык коомдун милдетин тике аркалаган саналуу азчылыктын алдында жүргөн Рита Карасартова сымал кайраты курчтар чанда кездешет. Биз ошолордун канатын сындырып албасак дейм. Аларды түрдүүчө каралап, капкайдагы жалааны жаап шылдыңдагандар, келекелегендер канча?! Ошолордун баарына туруштук берүүгө баарыбыздын эле кайратыбыз жетпейт. Көтөрө албайбыз.

Буга келгенде Ританын тегерегинде кимдер гана түрдүүчө ушактарды токубаган. Ал тургай абакка жаңыдан келгенимде, бир камерада мени менен чогуу отурган шеригим оозумду ачырды:

  • Уктуңуз беле, Рита Карасартова лесбиянка экенин? – деди.
  • Сен аны жакындан тааныйсыңбы же сыртынан эле билесиңби? – дедим.
  • Сыртынан эле тааныйм.
  • А лесбиянка экенин кайдан билесиң?
  • Ал жөнүндө укканым ошол, - дебеспи!

Өзү милийса кызматкери экен. Болгондо да майорлук чинге жеткенин айт.

  • Бирөөлөрдөн уккан ушагыңды башкаларга жайылтуу сенин милийсалык милдетиңби? – деп далайга чычалаттым аны.

Айтор, жарандык коомдун активдүү өкүлү болуштун өзү оңой жол эместигин өз жон теримден да сезип келем: бийликке жакпай калдыңбы - бүттү: сен жөнүндө шумдуктун баары желдей каптайт элге!

Ал тургай он жыл мурда рак дартына кабылып каза болгон келинчегимди өзүм өлтүрүп койгондой ушакты жайышты! Трансгендер уулумду кошо жөн коюшпай, аны мен акчага кызыккан үчүн тагдырын талкалагандай сыпатташты. Айтор, жарандык коомдун аракетин атпай журтка терс мүнөздө сыпаттоо үчүн жарандык активисттерди жерден алып көргө, көрдөн алып жерге урган саясаттын жүзүн көрдүк!

***

Жеке ишмердигиңдеги кемчиликти айыпташса – бул жакшы көрүнүш. Бирок жеке турмушуңа мурундарын тыгып, капкайдагы жийиркеничтүү ушактарды жайышканына күлгөндөн башка аргаң жок!

***

“Кайрат – бул энчибиздей уркубузда,

Кайраттуу ыйыбыз да, күлкүбүз да...” - дегеним ошол...

***

Болгондо да бүгүнкү саясый режимдин тушунда активдүү жаран болгондун өзү опурталдуу көрүнүп калды. Буга коом канчага чейин макул – айтып болбойт.

Ошентсе да жүрөктөргө тамызгы жандыра турган, жүрөгүндө жарандык сезими курчтардын баарынын оозун жабуу мүмкүн эмес. Биздин эл кымбатчылыкка, бүгүнкүдөй кысымга чыдамдуулук көрсөтүшү ыктымал, бирок адилетсиздикке келгенде алсыздарды баса калган бийликти эсине келтирип коёр мүнөзү чагылгандай эл экенин унутпайлы.

22.12.23

ДАНАКЕР

(Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасуловага арнайм)

Эл, бийликтин ортосун ширеп турган

Жарандык коом – данакер,

Жараканы чоңойтпой тиреп турган

Кудурети бар экен...

Деспотторду эсине салып турар

Жарандык коом – арачы.

Өкүмдардын тизгинин кагып турар

Адилдикке жарачу...

Арамдыктан бийликти алыс тутар

Жарандык коом – адалат.

Өзүн өзү ар дайым калыс тутар

Керек бизге жамагат.

Караламан калктын жок болушары,

Жарандык коом – арачы.

Эл жакшылар – аксакал чогуу шары

Барбы бизде?.. Карачы!..

Тилди тишке каткыдай заман болор? –

Чыда, көтөр сабырлуу!

Өз элине бийлигиң каман болор? –

Жарандык коом кадырлуу...

***

Аскар Акаевдин башкаруусу аксылыктарды камгактай көрбөй, бийлик элге ок чыгарганын көрдүк. Адамды ит аткандай атып салар бийликтен элдин үшү үрктү ошондо. Чырылдаган элдин үнү Кудайга жетсе да, Ак үйдүн жетинчи кабатына жетпей турду! Эл үнүн оппозиция да бийликке жеткире албады! “Элдин эс тутуму темененин көзүндөй” дептир кайсы бир акылман. Көбүбүз ошондогу кандуу окуяны эстен чыгарып койдук.

Мына ошондо аксылыктардын арман-муңун атпай журтка жайгандар да аз болду. “Азаттык” таң азандан кечке какшанып турду ошондо. Качан тыңшаба, Азиза Абдирасулова зар какшанган элдин датын бийликке удаама удаа какшап турду “Азаттыктан”. Жеринде жүрдү окуянын. Балапандарын уу жыландын оозунан коргоп чарк айланган тооктой: калдайган калкты канатына калкалай албай чыркырады эжекебиз!

***

Жогорудагы ырымдын мазмуну ушунда. Бийлик менен элдин ортосунда чыныгы данакер ким экенин ошондо туйдурду укук коргоочу, жарандык коомдун өкүлдөрү. Классик саналган акын-жазуучу аттуунун баары – аксакалы болобу, көк сакалы болобу – өкмөттүн гезиттеринде, бийликтин кара жашигинде айыпты теңирден тескери жакка оодарып турушту. Эл көңүлүн алаксытуу үчүн жоон топ интеллигенция кара жашиктен түшпөй калышты! Калыс сөз айткан болуп, кан жуткан элге кайрат айтымыш болуп күңк-күңк үн катышты. Үн катканда да “элге тартип орнобосо болобу?” дешип, бийлик элди ок чыгарып тыюуга аргасыздан барганын актап, жактап турушпадыбы, түгөткүрлөр!

***

Жадакалса ошол кезде оппозициянын олуттуу өкүлү, генерал Исмаил Исаков мекен жөнүндө жазылган аксакал, классик акын саналган бирөөнүн (атын атап арбагын козгобой ак коёлу) төрт сап мыкты ырын өз макаласына эпиграф үчүн колдонуп койгон экен, баягы аксакал акыныбыз жер өрттөнүп кеткенсип чуу салды гезит бетинде: “Мен бул ырды саясатчылар курал катары колдонсун үчүн жазган эмесмин! Мекенге болгон сүйүүмдү билдиргемин” деген таризде И. Исаковду сотко бермек болгону эсимде...

Көрсө, Үзөңгү-Куштай болуп мекен чеги кертилип кете бергенине классик саналган аксакал акындын жүрөк тамыры сокпой калыптыр эбак...

***

Караламан калктык жок болушары,

Жарандык коом – арачы.

Эл жакшылар – аксакал чогуу шары,

Барбы бизде?.. Карачы!..

Бул төрт сапты уйкаштык үчүн кураганым жок, азиз окурман! Адабият астанасын аттаган күндөн аксакал, көксакал интеллигенциясын жүзүн тааныдым. Жоон топ интеллигенциябыз чогуу шары менен караламан калккка калканыч болгонун көргөнүм жок! Тескерисинче, топ шары менен бийликти коргоп турушат экен калдайып: Аксы окуясынан көп өтпөй опера жана балет театрынын чоң залына жык толгон акын-жазуучулар менен президент Аскар Акаевдин кезектеги жыйыны уюшулду. Анда да качан болсо “кашайгыр” сөзү оозунан түшпөгөн дагы башка классик акын саналган аксакалыбыз оозу-мурду кыйшайбай: “Улуу урматтуу Аскар Акаевич! Ашууда ат алмашпайт. Элдин эзелки накылы бул. Сиз он төрт жыл бийлик башкарып келип, бийлик жемиши эми бышып калганда президенттиктен кетип калганыңыз жарабайт! Дагы он беш жыл башкарыңыз...” – дегенине жык толгон зал дурулдөтүп кол чаап отурганын көрүп, ошондо жийиркенгенимди айт. Ошондо көзүм ачылды: калкка караан болор карыларыбыз жогуна! “Башка элдердин карыларын Кудай таала колу-буттап алса, кыргыздын карыларын Кудай таала эс-акылдан алат” деп жазып чыкканым бар ал көргөнүмдү.

***

Кыргыз интеллигенциясы эл менен бийликтин ортосунда данакер эместигин ошондон кийин туйдум.

Деги бир өлкөбүз эгемендикке ээ болду делген отуз жыл аралыгында от менен сууга чыдамдуулардын арасынан ушул Азиза эженин бейнесин дагы терең тааный турган жердебиз. Эжекебиз темир тор артына кабылгандардын канчасы кыйноолорго кабылып, көгала койдой сабалганын фото-сүрөттөрү менен гезит беттерине далай мерте жарыялап, бийликтин, коомчулуктун көңүлүн дагы бир көйгөйгө бурду. Көкөй кести ал фактыларда карапайым калың элдин шорлогон уул-кыздары алты саны аман туруп кантип майып болуп каларын укук коргоочу катары көтөрүп чыкты. Милийсалардын ур-токмогунан, абак жайдагылардын мыкаачылыгынан көзү чолпондой жанган жарандарыбыз азап тартып, кээси эки бөйрөгү таяктын уусунан иштебей калганын, кээси муштумдун соккусунан боору жанчылып калганын эжекебиз канкакшап жүрүп, ал тургай эл аралык коомчулукка коңгуроо кагып келген үчүн бугүн мага окшоп абакта отургандар шорго кабылбас жагдай түзүлгөнүн унутпоого тийишпиз!

***

Боштондукта жүргөнүмдө Азиза эжеге “Сиз менен бир китеп жазам” деген убадам бар эле. Чынында эженин оозунан эгемендик доорундагы өлкөбүздүн тарыхын документалдуу далилдер менен толуктачу жердебиз.

Эжекебиз дем-күчүндө бекем турган кезде муну журналисттер журту да, тарыхчы-окумуштуулар, коомдук институттар, жазуучулар, дегеле өлкөбүздүн басып өткөн жолуна сереп салууга кызыкандар А. Абдирасулованын ишмердеги туурасында эмгектерди бүгүн колго алчу жердебиз. Эртең кеч болуп калат! Биз тарых барактарын толуктай албай калабыз.

***

Азыркы бийлик эгелери темир тор артында жатканда да Азиза эже үйүндө отурбаганын билебиз. Айрыкча ошол кезде бийликтин саясый куугунтугун катуу тарткан Садыр Жапаровдун түрмөдөгү оор абалга кабылганын коомчулукка байма-бай жеткирип тургандардын бири болду. Аныгында азыркы бийлик Азиза эжекебизге Эл баатыры наамын же "Данакер" орденин ыйгарса куп жарашмак!

Качан болсо бийликке бөйпөңдөп кошомат кылып келген интеллигенциянын аксакалдарына эмес, дал ушул жарандык коомдогу укук коргоочулардын ак элечек энеси болуп калган Азиза эжекебиз президенттин колунан "Данакер" орденин алса, кандай жарашмак?!

Сыйлык ээсин таппайт беле!

23.12.23

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG