Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:59

Абак күндөлүгү: Чыгармачыл чөйрө жалтак эмес, сергек болсо...


Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

  • Олжобай Шакир абактан жазган кезектеги катын адвокаты аркылуу берип жиберген. Автордун көркөм чыгармасы өзгөртүүсүз берилди жана ал "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Аламүдүн райсотуна бардым. Келдим. Сот залында болгондордун ар бири менен кол кысыштым. Мага бүгүнкү күндүн чоң кубанычы ошол болду.
Бир туугандар залда бырылдап ыйлап отурушту. Назгүлүм кайраттуу экен, тек гана сустайып, зааркангансып отурганын туйдум. Мен жакка карап өз оозун тумчулап ишарат кылганын – сот менен кайым айтышпа деп тыйганы...

Туугандарым да: “Сотто тилиңди тыйып кой” дешет улам. Не дейт элем аларга “Бийлик сөз эркиндигин тыйганы аз келгенсип силер калдыңарбы дедим, - мени тыйган?..”

***

Туугандарга бүгүн да какшадым кийинки сотума келбегиле деп. Сот залынан ошолордун бырылдап отурганы кимге жакшы – магабы? Өздөрүнөбү?.. Эч ойлонушпайт да. Бир туугандык сезимди андан башкача туюндургандарын каалар элем. Өзүм сот залына кирерим менен баары түшүнө тургандай эле айттым:

- Турмуштун спекталки бул, жакшы көрүүчү болуп отуруп бергиле, - деп.
Мен бул жашоого эбак эле комедиядай карай турганымды бир туугандарым түшүнө элек экен али.

***
Залдан уулум Евр менен кызым Ажарды көргөнүм жок. Башкалары чет өлкөлөрдө өз тириликтери менен. Демек, үй-бүлөм чоң сыноого кадыресе мамиле кыларыма көзү жетти. Менин айткан-дегендерим текке кетпептир аларга.

Сот залынан мен бир туугандарымды же үй-бүлө мүчөлөрүмдү эмес, өлкө келечеги үчүн тынчсыздангандарды, сөз эркиндиги, ой эркиндиги үчүн күрөшүүгө кайраты жеткен жарандарды көргүм келет!

***
Мен бир туугандарыма, өз үй-бүлөмө гана керек, ошолор үчүн кымбат адам болгум келбейт... Алардын мага болгон бир туугандык сезимдерин билем ансыз да...

Ар бир адам үй-бүлөсү, бир туугандары үчүн эң кымбат адам болуу баарынын колунан келет. Киши өлтүргөн, ууру кылган же кайсы бир оор кылмышка кириптер адамдардын деле эң жакын адамдары болот. Алар да бир туугандыкты кылбайт.

Бир тууганы эң оор кылмыш кылса, адам өлтүрсө да сот залында бырылдап ыйлап отурушу табигый сезим. Менин бир туугандарым эмне үчүн залда ыйлап отурушу керек?! Алар кайра мендей жинди бир тууганы үчүн сыймыктанганын каалар элем. Себеби мен эгемен өлкөбүздө эркин ойлонгонум үчүн, эркин сүйлөгөнүм үчүн бийлик мени бышырып жесе да, жакындарым баштарын өйдө көтөрүп жашаганын каалайм! Мен кылмышкер эмесмин...

***

Бир туугандарым, үй-бүлөм, өлкөбүздүн ар бир жараны рухий бийиктикке шукшурулуп учканын каалайм! Жашоого аң-сезимдүү караганын каалайм! Эч бир кыргыз урпагы бырылдап ыйлап, мажирөө болбосо дейм! Биз кайратсыз улут болбошубуз керек! Рухий айбаты курч жарандар гана өз улутунун татыктуу өкүлү.

06.12.23

Эркиндик бул – баалуулук. Ал куру сөз эмес. Эркиндик күрөш менен келет. Эркиндик куру сөз менен келер “баалуулукка” айланган биздин коомдо бир туугандарым тургай элибиздин түшүнүгү калыптана электей... Себеби бизге эгемендик, эркиндик өзүнөн өзү келген. СССР өзүнөн өзү ыдырап, биз эгемендикти Кудайдын белегиндей кабыл алган элбиз. Андан бери өз алдыбызча эркин улут, көз карандысыз мамлекет кура албай келебиз. Анткени элдин жүүнү бош, караңгы, бекерге көнгөн.

***

Туугандарымдын ниетинде мен сот залында дудук болушум керек экен. Эптеп эркиндикке чыгуу үчүн тилди тишиме катышым керек экен. Мага андай эркиндиктин баасы канча?! Андай жеңиштин даамын таткым жок. Түкүрдүм андай даамга, андай эркиндикке!

Туугандарым тургай коомчулукта мага жан тарткысы келген айрым тилектештер да тилимди тишиме катып, сотторго, бийликке үй катпай, “мындан ары саясат менен ишим болбойт, өз оокатымды тынч кылам” деп, бийлик менен мунасага келишимди каалагандарына жол болсун!

***

Биз оңой-олтоң жашоого көнгөн, оңой-олтоң колго тийген оокатка сүйүнгөн улут болгонубузду каалабайм. Жаратман элдердин тарыхына карасак, алар өжөрлүк менен ийгилик жараткан. "Башы менен жер казып" деген кыргызда укмуш сөз бар. Бул эми фразелогиялык сөз деңизчи, бирок жерди кол менен ар бир пенде каза алат, бирок баш менен жер казууну терең мааниден түшүнсөк, башын иштеткен жапондор, еврейлер, финдер, малайлар, кытайлар, немистер дээр элем. Баш менен жер казуу дегенди – жерден баш көтөрбөй иштөө деп терең аңдасак, демек эркиндикке жетүүдө да башыбызды байлап коёр болушубуз керек. Анан эптеп эле эркиндикке жетип алуу үчүн сот залынан кубулуп турсам, эртең эле бир туугандарымдын, тилектештеримдин арасында кадыр-сыйга жетемби?! Коомчулукта адабияттын татыктуу өкүлүндөй алып жүрө аламбы өзүмдү? Мага учурда эркиндик менен катар ар-намыс, абийир, өз жүзүмдү сактап жашоо баарынан маанилүү.

Бийлик башымды кесип алса да, көөдөнүмдөгү өз баалуулугумду өлтүргүм жок... Сыноо башка түшкөндө сымаптай кылтыңдаган мүнөз кыргыз урпагында болгонун каалабайм.

***

Менин мындан аркы тагдырым – рухий маселе. Руханий өсүш өзүмө да, коомго да эмне жемишин берет – аракет ошол багытта... Буга чейинки баалуулуктарымдан, тандаган жолумдан кайтпоо – менин колдоочум, таянар ишенимим. Сот процессимди жылдырышты, андан ары да ит-мышык оюн узакка уланышы мүмкүн. Мейли, сот залында сербейип жалгыз караан Назгүл болор. Мен ишенген жоон топ жарандык коом, төкмө акындар, акын-жазуучулар да болбосун макул. Бирок мен бул күрөштө сокоюп жалгыз калбашыма бөркүмдөй ишенем. Мага коомчулуктун жүзүн таанып, кимдин ким экенин ажыратуу маанилүү. Мен жөн гана шаңыраңдап, шанаңдап жүргөн О”Шакир болгум келбейт. Артыман ишенимге бекем, эркиндик үчүн күрөштө туруктуу коомдук катмарды жаратуу ниетим бар.

Коом агартуу мүшкүлү ансыз маңыздуу болбойт. Эң башкы баалуулуктар коомдо өзүнөн өзү жаралбайт. Андыктан жаратмандык күчкө ээ болушубуз керек. Жаратмандык жөндөмдү арттыруу багытында ким коом агартуу багытында кыймыл-аракетте болсо, алар менен жолум кыйышпас. Алар менен ар дайым сапарлашмын. Андыктан бул багытта пикири окшошторду темир тор артында отурсам да топтойм.

2016-жылы “РухЭш” аянтчасын негиздегенимдин түпкү максаты мени ушул чыйыр жолго алып келди. Башында “Коом жана мен” деген аталышы көбүнө жакпады, тек гана тапталган түшүнүк, тапталган сөздөй санашты. А менин көөдөнүмдөгү “Коом жана мен” деген аталыштын өз мааниси чоң. Ошентсе да бул аталышты “РухЭш” деп өзгөрттүм. Арийне, ички маңызы, максаты өзүм үчүн өзгөрүүсүз. Тек мээнетчил багбан өсүмдүк өзөгүн кыйыштырып, жаңы бир мөмө-жемиштин дарагын жаратат эмеспи. Мен да эне тилибиздеги Рух түшүнүгүн эшип, чыңагым келгендиктен “Коом жана мен” түшүнүгүнүн өзөгүн сактап, аталышын гана өзгөрттүм.

Рухий көрөңгөбүз, рухий наркыбыз тайыздап турган заманда аны эше турган тилектеш, калемдештер, окурмандар кыртышын жараттым. Эш маанисине келсек, ушул эки тамгадан турган туютманын өзү чоң кубатка ээ. Балбан сөз бул!

Назик, жумшак жипти, пахтаны эшип да турмушка зарыл буюмду колдонуп келген ата-бабаларыбыз. Кумурсканын бутундай ичке кылды эшип, көчмөндүк турмуштун оор жүгүн кыл аркандын күчү менен төөгө артынып, өгүзгө артынып кыргыз көчүн улап келишкен эскилер. Эш – буюртма мааниде да колдонулат. Эш – ук, тыңша! Эш –караан, жолдош, шерик. Эскилер айтаар эле “жаныңа эш кылып бирөөнү ээрчитип ал!” “Жанымда эш болуп жүр” ж.б.ж.б... Көп мааниге ээ бул сөз!

Андыктан мындан арыга “РухЭш” аянтчасын өлкө келечегине, элдин эртеңине кайдыгер эместер үчүн кеңейтүүнү көздөйм. Коом агартууга белсенип билек түрүнгөндөрдүн башын бириктирер улуттук долбоор кылгым бар.

***

“РухЭштин” логотиптеги символунан эмнени туйдуңуздар? Өзүнөн оор жүктү, Жер шарына окшош, глобуска, бүт ааламга окшош жүктү өйдөгө көтөрүп баратат. Тепкичтен тепкичке өйдө көтөрөр кудуретке ээ ушул кумурскача жокпу биздин эл? Бар андай кудуретибиз! Тек гана башыбыз бир аянтчада бириккен тилектештер, пикирлештер коомун жаратышыбыз керек. Андай коомдук катмар жаралмайынча – караламан калк камгактан айырмасыз. Шамал, жел кайда айдаса, камгак өз багытын өзү тандабай, калдаңдап учуп кетет.

***

Кумурскалардай ынтымак тилейм тилектештерге! Кумурскадай мээнет тилейм! Кумурскадай зыянсыз, кумурскадай өжөрлүк керек бизге! Жаратылышта жаныбардын көбү жырткыч, өктөм, агрессивдүү. А кумурскада андай мүнөз жок.

Кибиреп, кенедей болсо да өз оокатына тың жаны тынбай мээнеттенет. Ачкөздүк жок анда. Баары жамааттык тартипке баш ийет. Арасында жатып ичер жалкоолорго колдонор өз жазасы, өз мыйзамы бар аларда. Анан биз ушул кенедей кумурскача жокпузбу, жолуң болгур кыргыз?!

***

Дүйнөдө зор көлөмдөгү жаныбарлар сыяктуу державалар бар, бирок тирилик жашоосу начар. Маселен уч-кыйыры чексиз Орусия! Андан чакан, кичинекей өлкөлөр канча жер жүзүндө?! Бирок алар кумурскадай чакан, кенедей болсо да тирликке тың, бардар жашоо куруп алышкан. А эмнеге Кыргыз мамлекети, чакан өлкөбүздүн жарандары кумурскаларча жокпуз?! Келгиле, кумурскалардай жамааттык түшүнүккө, жамааттык аракетке умтулалы!

***

“РухЭш” аянтчабыз түптөлгөн күндөн бери үй-бүлө баалуулуктарын, улуттук баалуулуктарды калыптоо багытында иш жүргүзүп келдик.
Эне тилибизде айжаркын ой жүгүрткөн авторлорго, котормочуларга аянтчабыз ачык болду. Кыргыз тилинде ою жетик, тили жатык акын-жазуучуларыбыз өтө аз экен, ошол себептен дүйнө адабиятын, жалпы адамзаттын орток баалуулуктарын түпнускадан эне тилибизге түз которуп жеткирет “Нуска” котормочулар тобун түптөп алдык. Дүйнөнүн бир нече тилинде кыргызчага түз которулган өрнөктүү тексттер архивибизге кыйла топтолуп калды. Бирок “РухЭшти” өңчөй адабий багыттагы гана аянтча кылгыбыз келбейт. Биздин агартуу айдыңыбыз – улуттун аң-сезимин өзгөртүп, сапатын, наркын арттыра турган милдетти аркалап келет...

***

Караңгылык! Түркөйлүк! Ушул эки балээден кутулмайынча өнүгүү мүмкүн эмес. Караңгылыкты биз тамга тааныбагандык, китеп бетин ачпагандык деп түшүнбөшүбүз керек. Караңгылыгыбыз так бүгүнкү абалыбыздан көрүнүп турат. Удаама удаа мамлекеттик төңкөрүштөрдү жасап, турмушубузду жөндөп кете албадык.

***

Караңгы эл жоош, момун, коркок болорун карт тарых, өжөр фактылар атамзамандан көрсөтүп келген: караңгы элдерди деспоттор, диктаторлор башкарат. Билимдүү эл – көзү ачыктай: бийлик кандай туура эмес багытка баратканын көрүп, өз бийлигин тескейт, көзөмөлгө алат. Караңгы элдин антүүгө жөндөмү жок. Караңгы эл бийликке кыңк этпейт. Бийликтин буйругуна кыңк этпей баш ийет, жер карама болот. Бул биздин бүгүнкү абал!

***
Караңгы элди болор-болбос майда ийгиликтер, майда көрүнүштөр, майда иштер менен алдоого болот. Караламан калктын эртеңки менен иши жок, бүгүнкү жалган көрүнүштөргө көңүлү ток. Билимдүү элдер шекчил болушат. Бүгүнкү убактылуу ийгиликтерге өзүн өзү сооротпойт, тескерисинче, тынчсызданат. Аң-сезимдүүлүк менен бийликти безге сайып, эсине келтирип турат. Биздин магдырап турган кезибиз бүгүн.
Азыркы бийлик буйрукчул мүнөздө башкарууга өттү. Мыйзамды бетке кармап, камап салабыз, катуу чара көрөбүз, бекем тартип орнотобуз деген опуза жолун тандашты... Аныгында мыйзамды бетке кармоонун өзү – чоң саясый амал. Заң – закүндүн ариби менен элди коркутуп башкаруу деспотторго мүнөздүү ыкма. Тартипти мыйзамсыз эле орноткон Батыш өлкөлөрүнүн ийгиликтерин карайлычы! Аларга адам укугу, адам эркиндиги мыйзам аркылуу эмес, норма, эрежелердин негизинде тартипке салынган. Мыйзам эң оор кылмыштарга келгенде иштеши керек. А бизде болор болбос пендечилик жаңылыштык кетиргендер үчүн эле мыйзамдар катуу. Маселен абактарда 19-20 жаштагы кырчындай жигиттерди тыгып салышат бизде. Ал кургурлар жаштык-мастыгы менен бирөөдөн акча опузалап алып койгон же байкоосуздан алдамчылыкка кантип аралашып калганын убагында аңдабаганы үчүн темир торго камалышкан! Мына биз курган мамлекеттик саясат! Биз түптөгөн бийлик! Себеби биз караңгылыгыбыздан өлкөбүздө бүгүн кылмыштуулук күнү куру эмес кайталанууда. Мамлекеттик телеканалдардагы жаңылыктардын басымдуу бөлүгүндө кылмыштуулук күнүгө жаңырат. Буга элибиз бышы кулак болуп калгандын өзү жетип турган чоң кылмыш. Рухий, адеп-ахлактыктын кылмышы бул. Бок-жинибиз аралашып калгандык!

***

Адамдык жорук-жосундар үчүн да мыйзам деген балээни токуп койгон кыргыз бийлиги. Мыйзамдарда элдин жыргалчылыгы үчүн жазылган гумандуулук болушу керек эле. Тилекке каршы, мыйзамдар бизде жарандарды жазалоо үчүн жазылган! Элди массалык коркунучка жеткирип, кыңк эткизбей башкаруучу бийлик орноткусу келгенинде кептир баары...

07.12.23

Мындан ары бизге ниеттеш, тилектештер менен кызматташуу анчалык кыйын эмес деп ойлойм. “РухЭш” агартуу айдыңы менен кызматташкан авторлор, котормочулардын көбү буга чейин интернет аркылуу таанышып, интернет аркылуу кызматташып келген тажрыйбабызды колдонуп, кимде ким коом агартуу максатын көздөсө, интернеттен “РухЭш” дарегин таап, почтобузга жазыңыздар!

Учурда өзүм темир тор артында болгондуктан интернет колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылгам. Бирок командабызда “РухЭштин” жүгүн аркалап келаткан тилектештер кимдин болбосун коом агартуу багытында эмгектерин (аналитикалык материалдар, үй-бүлө баалуулуктары жөнүндө чыгармаларды, үй-бүлөлүк психологдордун эмгектери, адам укугу жана эркиндиктери туурасында баалуулуктарды жайылтуу, мамлекет менен коомдун кызматташтыгын арттырар дүйнөлүк тажрыйбалар) коомго кеңири жайылтууда чын ниеттери менен колдоо кылышарына ишенем...
Негизинен биздин командада коом агартуу милдетин өз ыктыяры менен аткарган чакан топ болсок да, бүгүнкү кылган аракетибиз эртең жемишин берер мээнет экенин унутпайлы! Ар бирибиздин аракет, демилгелер улуттун аң-сезимин, дүйнө таанымын, көрөңгөсүн кеңейтет.
Улут келечеги үчүн кайдыгер эместер элибизге жалпы адамзаттын орток баалуулуктарын кыргыз тилинде кенен жайылтууну бирдиктүү деңгээлде жолго коё албай келаткандайбыз. Коом агартуу түйшүгүн тарткан мекенчил жарандарыбыз арбыганы менен алар чакан топторду түзүп же өз алдынча аракет кылып келишет. Ал да жаман эмес. Арийне, алардын башын көбүрөк бириктирсек, мүмкүн институционалдык тартипте ишибизди мындан да ырааттуу, жемиштүү улайт белек деген ниеттебиз...

08.12.23

***

Чыгармачылык эргүү деле сай суусундай кээде ташкындап, кээде тартыла түшөт. Боштондукта жүргөндө мени жалкоолук басып жүрдү. Ар ишти улам арыга жылдыра салып, эртеңкиге калган иштин көбү бүтпөдү.
Абакка келгенимде сай суусундай ташкындап, 2-2,5 айча төгүлүп иштеп келсем, азыр сай суусундай тартыла түшкөнсүдүм. Башында жатсам-турсам канча ырлар чубуруп, арасында бир кыйла аңгемелер жазылды. Көлөмдүү чыгармаларга да кол салып ийсем, азыр бир гана повест менен алекмин, анан жандуу ой жаралса күндөлүк чиймелемей.

***
Убактымдын көбү китеп окуу менен өтүп жатат. Бир камерада төрт киши болгон үчүн кобур-собур үндөр алаксытат, чыгармачылык эргүү да канаттуу куштай үркөт окшойт, менден алыстай түштү.
Эки кишилик камерада тыным билбей жазып, кол жооруп жүрдү эле, азыр кол ачышкан күндөрдү сагындым...

***
Төрт шерик тең шайыр мүнөз экенбиз: күлкүбүз басылбайт. Шериктерим зериктирбес бабырбайлар!

***
Убакыт бул жакта деле учкан куштай сызат экен. Ким бирөөлөр убакыт өткөрө албай түйшөлсө, мага төрт айга жакын убакыт “чү” коюп өткөнсүдү. Кечээ эле киргендей болдум эле, кыш мезгили азыр.

***
Көңүл төрүңдө кайрат берер, тилек болор адамдар аз. Өнөр өстөнүндө ийгиликке жетсе өзгөрүп, бой көтөрүп, алыстап кеткен адамдарды көп көрдүм. Өзгөчө башыңа күн түшүп турган кезеңде обочолоп качышат алар. Ушул жолку тагдыр сыноосу мага, үй-бүлөмө, жакындарыма оңой болуп турган жок...

Сот залында отургандар дем-күч берерин темир тордун бурчунда отуруп дадил сездим. Менден колдоо керек болгондо жалпактап келгендердин далайына кезинде ажаат ачар учурларда гана керек болгон экемин. Көрсө, мага иши түшүп турганда катташыбыз бар экен кээси менен...

Чыгармачылыкта үзөңгүлөш жүргөн улуу-кичүүлөрдүн арасында мага тынчсыздангандар салам айттырган болушат, аларга да алкыш. Арийне, бирөөнүн оозу менен салам айттырбас, өзү көзмө-көз түз көрүшүү үчүн сот залында отурган өнөр адамдарына өзгөчө ыраазычылыгым бар! Буга басым койгон себебим: абакка аң-сезимдүү иш-аракет кылып, бийликтин камап коёрун сопсонун билип туруп келгенимдин жөнү да ушул – чыгармачыл чөйрөдөгүлөр чыйрак болор бекенбиз, жокпу дечүмүн өзүмчө.
Коомдук-саясый процесстерде качан болсо четте карап көнгөн чыгармачыл коомчулукта өз ордум, таасирим канча – сезгим келген... өнөр өстөнүндө жүргөн адамдар бири-бирине күйүмдүү болгонун тилеп келем дайыма.

Төкмө ырчы Болот Назаров өнөрпоздор арасынан жалпы адамзат баалуулугун эрте тааныды. Демократия дөөлөтү жөнүндө ал экөөбүз чарчабай кеп кылар элек. Кээде менин үйүмдө түнөп калчу кеп кызыгы түгөбөй. Ал экөөбүз анан адабий коом агартууда ийиндеш иштеп баштадык. Дүйнө эл жомокторун жана кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын аудиолоштуруп Ютубдагы “РухЭш” каналына, соцтармактарга жайылтып жүрдүк. Кийин ал “Айт-айт” долбоорунда Болот Темировдун журналисттик иликтөөлөрүн төкмөлүк өнөр аркылуу күчөтүп, өз боёгун кошуп, чыныгы демократ жарчысы болуп чыга келди...

***
Бирок Болот Назаров тилдин азабын, өнөрдүн азабын тартты кайра. Ага өнөрдүн азабын тарттырды бийлик!.. Баңгизат шылтоосуна байлап камашты. Үйдө тынч жата албадым акындын камалганын көрүп. Дароо Фейсбукта “манасчылар, төкмөлөр, акын-жазуучулар, үйүңөрдө жылуу-жумшак жатпагыла!” деп түз эфир аркылуу чыгармачыл чөйрөгө кайрылдым. Кээсине телефон чалдым. Ошондо өнөрпоздорго ыраазы болгонум – аарынын уюгундай ызылдап, Болотту абактан чыгарып алууга жарадык. Аныгында ушундай болушу керек. Тилекке каршы, ошол окуядан кийин эле бийлик өнөр адамдарына кам көрүмүш этип, “Манас” театрына тартты баарын. Туруктуу каржылоого өтүштү. Ошону менен сөз эркиндигинин жарчысы болор өнөрпоздорубуз ийинге башын каткан суурга айланышты. Көрсө аларга эркиндик баалуулук эмес экен. Эркиндик – күнүмдүк тириликтен кем кылбас айлык акы болуп турса жетет шекилдүү.

***
Арийне, мунун баары убактылуу сыноо! “Бетеге кетет – бел калат, бектер кетет – эл калат” накылын менден мыкты түшүнөт чыгармачыл чөйрө. Бирок түшүнүп туруп эртең бетке чиркөө болуп калар уяттан коркушабы, жокпу – ошону көргүм бар. Ага дейре адам сынагынан айрыла элек, өнөрдүн касиетинен кайтпас үзөңгүлөш жүргөндөрдөн мен ыраазычылык билдирер инилер бар. Береги “Айтыш” фонддо бирге иштешкен Мирлан Самыйкожо, Шайырбек Абдыракман, Азамат Болгонбайга жана чыгармачыл чөйрөдө алакалаш жүргөн жаш акын Садырбек Турдубек уулуна, белгилүү обончу Сыймык Бейшекеевге, элеттик акын Шабдан Сулаймановго, акын Азамат Омошко, публицист, жазуучу Аким Кожоевге жолдойм...

Турмуштун көлөкө, жарыгын
Абакта тааныдым шекилдүү.
Баала деп боштондук кадырын,
Сыртымдан каалгалар бекилди.
Артымда күрөшчүл изимди
Калтырып кетким жок үзүндү.

Тартсам да жашоомдо напсимди,
Тартпасмын тизгинди, тилимди.
Абакка ушул тил апкирди –
Көрөйүн: кагабы жинимди...
Каалгалар карсылдап жабылат,
Темирге темирлер кагылат.

Байлоосуз күндөрдүн далайы
Узады, кыскарды, кетилди.
Өзүмдү издейин, табайын:
Руханий айбатым жетилди.
Ансыз эч арзыбас бул өмүр
Аңдабай кеткенде түгөгүр!

10.12.23

Учурда менин таламымды талашкандарды бийликтин фейктери төөбастыга алганын адвокаттар аркылуу угуп атам. Өзүм интернет мүмкүнчүлүгүнө жетпегенден улам менин таламымды талашканы үчүн төөбастыга калгандардын кимисине болбосун терең ыраазычылыгым бар. Арийне, биздин коомчулукта түрдүүчө пикир, көз караштарды кабыл алуу маданияты өспөй келгендиктен, мунун баары табигый көрүнүш. Бирок кандай болгон күндө да элге төбөсү көрүнүп калган өнөр адамдарын, жалпы эле чыгармачыл чөйрөдө жүргөндөрдү коомдун алдыңкы өкүлү болууга чакырам! Элдин рухий айбатын, аң-сезимин, кулк-мүнөзүн калыптачу чыгармачыл интелектуалдар сергек, чыйрак болбогон элде эркиндик, демократия баалуулугу кайдан өссүн?..

***
Элдик нарк, элдик касиетти тулку боюнда уютуп жүргөн чыгармачыл чөйрө коомдук-саясый турмушта батыл, чечкиндүү болсок, караламан калкка акыл шоолабыз жарыгын чачып, рухий айбатын өстүрөт элек, аттиң! Тилекке каршы, бул маселеге келгенде эркин журналисттер менен активдүү жарандык коом гана бийликтин камчысына кабылып келет. Чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнүн жаны таттуу көрүнүп, жалакай болгонун көргөндөн улам далай мерте манасчы, төкмө ырчыларды, акын-жазуучуларды жарандык коомдун жыйындарына бир кыйла тартып келдим, бирок али чийкилиги бар экен ишибиздин... Муну мен абакка отуруп сездим. Сездим да бекер жатамбы, эми минтип чыгармачыл чөйрөгө шайтанымды кармата берейин, колтуктарына суу бүркөйүн дейм...

***
Эртеби-кечпи – темир тордон чыгам. О’Шакирдин ооматы оңбогондой өсөт. Китептеримдин нускасы өсөт, чыгармачыл кечелеримде зал толо күйөрмандарым арбыйт. Себеби, бийлик мени канча каралап, канчалык деңгээлде кылмышкер көрсөтүп, мамлекеттик телеканалда, социалдык тармактарда мени жамы журтка болуп көрбөгөндөй таанытып коюшту. Бул мага жаман болдубу?! Жок! Таанымал жинди, таанымал жазуучу, таанымал “бузуку” болдум. Эми жамы журт мага чоң аудитория! Адабий базарымды кайнатчу күйөрмандарымды таптым! Бул үчүн азыркы бийликке терең алкыш, терең ыраазычылыгымды гана билдирем!
Мурда өзүмдү жүүнү бош жазуучу сезип келдим эле, абактан сот залына алып барар конвойлор эки колума темир кишен салып жаткан көз ирмемде мен өзүмдү чыныгы адабияттын өжөр өкүлү болор чоң жазуучу сездим. Бийлик башында отургандарга ушул үчүн да алкыш! Анан өткөндө өкмөттүн вице-премьер-министри Эдил Байсалов мен жөнүндө “24.кg” маалымат агенттигине комментарий бериптир. Буга да бали! Буга дейре эл оозуна ушунчалык алындым беле? Жок! Демек, бийлик мени абактан чыгарабы же чыгарбайбы, же темир тор артынан көзүмдү тазалоонун айласын издешеби, бирок кандай болгон күндө да менин адабий ооматымды азыркы бийликте отургандар оңбогондой өстүрдү. Мунун баарын мен рухий капитал, моралдык капитал катары санайм. Абактан бошонуп барган күндөн тартып менин коомдогу ордум өсөт, далайына урматым артат. Себеби мен коррупция же башка берене боюнча отурганым жок. Тек ой эркиндиги, сөз эркиндиги үчүн камалган адамдын жүзү ар дайым эл алдында жарык болуп келген!

***
Эдил Байсаловдун комментарийине келсек, ал саясатты саясатчылардын эле энчисине буюрган оокаттай көрөт окшойт. Анын логикасы боюнча мендей адабият өкүлү тынч оокатын кылып, саясатка аралашпашы керек экен. Ошол эле убакта мени адабияттын көрүнүктүү өкүлү катары санаганына ыракмат, бирок саясат айдыңын адабият өкүлүнөн кызганганына жол болсун! Анын түшүнүгү боюнча адабият өкүлдөрү саясатка аралашпасын, анда караламан калктын да саясат менен иши болбошу керекпи?! Конституцияда жазылган норма эмне болот анда? Бийлик ээси эл деген түшүнүк кашкайып Баш мыйзамда эмнеге көрсөтүлүп турат анда?.. КР жарандары саясый жараяндарда катышпаган өлкөнүн келечеги эмне болот?

***
Мындан ары мен бийликтин кокосуна тыгылган сөөкмүн – же бери чыкпаган, же ары кирип кетпеген. Бийлик мени кыйнайбы, мен бийликтегилерди кыйнаймбы – комедия ошондо.
Ооба, абак жашоосу жеңил эмес, бирок чыдоого болот. Бирок канчага чейин камай алышат мени?.. Мейли, экономикалык өсүштөр болуп, саясат айдыңына туруктуулук алып келип, элге бакубат жашоо курган күндө деле бийлик тагында отургандар такта өмүр бою кала алышпайт. Эртеби-кечпи менин саясый тагдырым бул бийликке кара так бойдон жабышканы жабышкан. Себеби, мен же бир коррупционер, же киши өлтүргөн кылмышкер эмесмин. Мен демилгелеген онлайн митингден эч бир тирүү жан да, жансыз имарат да талкаланып, бүлүнүп калбады. Тек гана бийликтин тизгинин кагуу же камоодон коркпош керек дегеним үчүн темир тордо отурганым бийликке кайсы абройду алып келет? Демократия принциптерине көз көрүнөө коркунуч жараткан мамлекеттик машиненин адилетсиздигинен шек саноолор эл ичинде тымызын күчөйт.

***
Же бир саясый топтун, саясый партиянын көрүнүктүү өкүлү болсом, мындай ишеним да, үмүт да жок эле менде. Арийне, коом агартуу жаатындагы ишмердигим менен камалганым үчүн бүгүн “кылмышкер” саналсам, келечек тарыхта учур адабиятынын өкүлү, коом агартуучу катары саясый куугунтукка, камакка кабылганым үчүн акыры акталарым турган иш...

***
Мейли мага боштондукту ыраа көрбөй, камап коюшсун. Ушунун өзү коомдун адабиятка кайдыгер эмес катмарына кандай таасир этип атты экен? Макул, менден биротоло кутулуу үчүн абакта көзүмдү тазалашты дейли. Ошондо да бул бийлик менин канымдан колдорун жууй алабы, жокпу? Мени акыркы сапарга узатуу зыйнаты абалды андан бетер ырбатабы, жокпу – билбейм, бирок кандай болбосун, бул бийликтин кокосунан же ары, же бери тоголонбогон, жутулбаган сөөкмүн мындан арыга...

Бул саптарды эмнеге жазганымды мөртү келгенде атпай журт түшүнүп алат!

***
Президент эл аралык коомчулукка Бириккен Улуттар Уюмунундагы нормаларды, демократия принциптерин коргойбуз деп жүз кайталаган күндө да Эл аралык демократия принциптерин коргогон уюмдар С.Жапаровдун айтканы башка, кылганы башка экенин мониторингге алып аткан жок дейсизби? Президенттин калпыс саясаты өлкөнүн ички аудиториясын убактылуу соороткон күндө да, Эл аралык институттар, уюмдардын кулагы узун. Жер тыңшаар Маамыт, көрөрман Маамыт биякта калсын, демократиялык инструменттер Ош базарындагы өтүкчүнүн балкасы эмес, ал инструменттер жалпы дүйнө жүзүндө иштейт... Өзгөчө биздей демократия аралчасы делип келген өлкө демократия дөөлөтүн жайылтар институттардын көз кырында.
***
Аныгында азыркы бийлик жанына күч келгенде Эл аралык коомчулук алдында берген убадаларына турбаска да аргасы жок. Демократия түшүнүгү бул чала молдонун божомол-дөдөмөлү эмес, ал так аткарылууга тийиш. Аткарбаган саясатчынын жолу – көк жылгаяк...
***
Бийлик жолу – көк жалтаң муз, жылгаяк,
бут алдыңда коркунучтуу жарака.
Күтүүсүздөн кези келет кыйрамак,
Алдың, артың – алат тооруп камакка.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG