Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:00

Постсоветтик өлкөлөрдө НКВДчылардын жалпы реваншы мүмкүн эмес


СССРдеги ГУЛАГ жайларынын картасы.
СССРдеги ГУЛАГ концлагерлеринин жайгашуу картасы.

Постсоветтик өлкөлөрдүн коомдору – бул ар кыл өнүгүү түрлөрүн тандаган жана эми бири-бирине оңой менен окшобой калган түркүн коомдордун жыйындысы. Ошолордун ичинен тоталитардык же авторитардык режимди кайра калыбына келтирүүгө далаалат жасаган айрым бийликтер таңуулаган башкаруу ыкмалары терең тынчсыздандырат. Бирок бул эски ыкмалар архив чаңында калчу кез жакындоодо. Тарыхчынын блогу.

Мурдагы Советтер Биримдигиндеги ар кыл өлкөлөр соңку 34 жылдын ичинде бири-бирине окшобогон ар түркүн өнүгүү стратегияларын жана нуктарын тандап алышкандыгы менен айырмаланышат.

Маселен, Балтика боюндагы жумурияттар демократиялык өнүгүү жаатында башка постсоветтик жумурияттардан ат чабым түгүл, ондогон жылдар менен ченелчүдөй деңгээлде алдыга кетишти.

Азыркы тапта алар Европа Биримдигинин мүчөлөрүнөн да болуп калышты. Алар өз коопсуздугун эл аралык ынтымактын күчү менен чыңдоо үчүн НАТОго да мүчө болушту.

Алардан кийин кыйла илгерилеген жарандык коомдор – Грузия (2003), Украина (2004–2005; 2014) жана Кыргыз Республикасы (2005, 2010, 2020) деген жумурияттардын коомдору болду.

XXI кылымдын башында бул өлкөлөр демократиячыл элдик ыңкылаптар аркылуу Евразиянын бир катар башка авторитардык мамлекеттериндеги жарандык коомдорго шам чырак болушту.

Аталган үч өлкөдө да демократиячыл жүрүмдөрдө ар кыл себептер менен кыйла солгундоолор жана кайра жандануулар байкалып келди.

Маселен, Грузиядагы демократиячыл жүрүмдөрдүн өнүгүшүнө кабатыр болгон Орусиядагы путиндик авторитардык режим, – Түштүк Кавказдагы бул чакан өлкөдөгү Кремлдин тымызын жана ар тараптуу колдоосун алып келген жикчилердин отуна май тамызып тим болбостон, – бул жүрүмдөрдүн уюгун жазалоого умтулуп, 2008-жылы 8-августта башталган “чагылгандай тез” аскердик чабуулу аркылуу Тбилисиге чейин өтө жакындап басып кирип баргандыгы жадыбыздан кете элек.

Путиндик режим ошол 2008-жылы Түштүк Кавказдагы бул эгемен өлкөнүн эки тарыхый бөлүгүн убактылуу болсо да жиктөөгө үлгүрдү.

Албетте, дүйнө коомчулугу бул жиктөөлөрдү кабыл албастан, Грузиянын жалпы аймагын 1991-жылдагы чек аранын алкагында эсептөөсүн улантып келет. Басымдуу көпчүлүк өлкөлөр бул аймактарды “Орусия тарабынан убактылуу каратылып алынган грузин жерлери” катары санашат. Болгону Орусия, Венесуэла, Науру, Никарагуа жана Сирия гана бул аймактарды “көз карандысыз” Абхазия жана Түштүк Осетия жумурияттары катары таанышты. (Кыргызстан дагы бул жикчил аймактарды өз алдынча мамлекет катары эч тааныган жок).

2008-жылдын 10-августунда АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Залмай Халилзад БУУнун Коопсуздук кеңешинин грузин-осетин жаңжалы боюнча жыйынында сүйлөп жатып, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын сүйлөшүүсүнүн мазмунун шардана кылган:

"Лавров мырза Райс айым менен баарлашуусунда Грузиянын демократиялык жол менен шайланган президенти, – мен шилтеме келтирем, – "кетиши керек" деди. Шилтеменин аягы. Мен дагы бир шилтеме келтире кетейин: “Саакашвили кетиши керек” деп айтты. Андан соң мен Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркинге суроо менен кайрылдым: “Чуркин мырзадан сурайын дегеним бул: Сиздин өкмөтүңүздүн максаты – Грузиядагы режимди алмаштыруу беле? Сиздер демократиялык жол менен шайланган президентти кулатууга далаалат кылып жатасыздарбы?” – деген Залмай Халилзад.

Албетте, кремлчилер сөз жүзүндө “Грузиянын ички иштерине эч кандай кийлигишпейбиз!” дешкени менен, иш жүзүндө каратып туруп эгемен өлкөнүн ичкерки аймактарына баскынчыл жортуул жасашкандыгын бүт дүйнө көрдү.

Ошол 2008-жылы августта демократиячыл Батыштын орус-грузин согушуна үстүрт мамиле жасагандыгынын себебин “түндүктөгү өзөктүк кубатка ээ аюунун ачуусуна ого бетер тийип албоо” далаалаты катары түшүндүргөн учурлар бар.

Арийне, дал ушундай дээрлик көз жумду мамиле Орусиянын авторитардык бийликтерин 2014-жылдын февралынан тартып Украинанын Кырым жарым аралын жана көп узабай эле Донбасстын айрым аймактарын басып алышына шыктандырган.

Баскынчы Кремлдин арааны ого бетер ачылып, ал 2022-жылы 24-февралдан тартып эгемен Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү баскынчыл согушка өттү.

Кремлдин Украинага каршы баскынчыл согушунун мүдөөсү деле Грузияга каршы согуштагыдай: Путиндин режими элдик ыңкылап оту өз өлкөсүнө да жайылып кетишинен коркуп, бул чаканыраак делген өлкөлөрдөгү демократиячыл жүрүмдөрдү муунткусу келген.

2008–2014-жылдары Батыш өлкөлөрүндө бийликте болгон далай мамлекеттик ишмерлер: “Путинди мынчалык кетет деп ойлогон жок элек да!” – деп эми бармагын тиштеп отурушат.

Баса айтсак, путиндик бул согуш аракеттеринин “Украинадагы нацизмге каршы күрөш мүдөөсү” менен эч кандай алакасы жок.

Учурда демократиялык Украина жумуриятынын президентинин теги – жөөт, ал эми коргоо министринин теги – кырым татар.

Нечендеген орус тектүү украин жарандары да Украинанын толук көз карандысыздыгы жана анын убактылуу каратылган аймактарынан путинчил баскынчыларды биротоло сүрүп чыгаруу үчүн бул өлкөнүн көп этностуу элинин азыркы атамекендик согушуна каармандык менен катышып жатышат.

Ал эми постсоветтик Орусияга келсек, бул федерациялык мамлекетте дагы 1990–1993-жылдары демократиячыл өнүгүү нугунун жаркын мүмкүнчүлүктөрү ачылган болчу.

Ал түгүл XXI кылымдын босогосунда да Орусияда демократиячыл жүрүмдөрдү улантуунун ыктымалдыгы кыйла жогору болчу.

Борис Немцов калайыкка гезит нускаларын таркатууда. Маскөө. 19.8.1992.
Орусиядагы демократиялык күчтөрдүн жеңишинин 2 жылдыгына арналган Ак үйдүн жанындагы жыйынга ал кездеги эл депутаты Борис Немцов да катышып, калайыкка гезит нускаларын таркаткан учур. Маскөө. 19.8.1992.

Бирок 2000-жылы президент болуп калган мурдагы чекист Владимир Путиндин президенттик бийликти андан ары чыңдоосу аркылуу Евразиядагы бул ири өлкөдө тээ тарыхый архивде калган эски СССРдин Ички иштер эл комиссариатынын (НКВДнын) доорундагы жосунсуз ыкмалар кайрадан жандандырыла башташты.

Негизги оппозициячыл партияларды жоюу, чыгаан оппозициячыл лидерлерди куугунтуктоо, илгерки Лев Троцкийди (1879–1940) өлтүрткөн сыяктуу азыркы режимди сындаган айрым саясатчылардын жана укук коргоочулардын “көзүн тазалоо”, кайчы пикирдегилерди чет-четинен камакка алуу, бозгунга кетүүгө мажбурлоо, нааразылык жыйындарын күч менен таркатуу, көз карандысыз маалымат каражаттарынын иш алып баруусуна өзгөчө кедерги түзүү, интернетте көз карандысыз пикирлер эркин айтылчу коомдук тармактарды колдонууну чектөө, ал түгүл “согушка каршымын!” деп туюк сүйлөп койгондугу үчүн эле кайсы бир жаранды “өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн атайын аскердик амалдарына карата жаманатты сөз айтты” деген доого жыгуу... жана башка жосунсуз окуялар – Жорж Оруэлл (George Orwell; 1903–1950) сыяктуу авторлордун калеминен жаралган коркунучтуу коом тууралуу көркөм чыгармалардын беттеринде эмес, азыркы Орусиянын күндөлүк турмушунда орун алууда.

27-февралда кечинде Большой Москворецкий көпүрөсүндө Борис Немцов өлтүрүлгөн. 28.2.2015.
2015-жылы 27-февралда кечинде Кремлдин түндүк-чыгышындагы Большой Москворецкий көпүрөсүндө оппозиция лидери Борис Немцов атып өлтүрүлгөн. 28.2.2015.

Албетте, илгерки НКВДчылар өз өлкөсүн террордун кандуу чеңгелине камтуу менен чектелчү эмес. Алар өз террордук ыкмаларын өз өлкөсүнө ылым санаган, же саал көз каранды болгон тарыхый коңшуларына жана андан ары алыскы чөлкөмдөргө экспорттоого да тырышчу.

Алыска барбастан, 1944-жылы Советтер Биримдигинин курамына согушсуз киргизилген Тыва Элдик Демократиялык Республикасындагы сталинчилер кантип 1920–1930-жылдары өз коомундагы демократиячыл маанайдагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди жазалашкандыгын, айрымдарын мерт кылышкандыгын эскере кетсек болот. Ушуга жакын кандуу окуялар Монголияда, Балканда, Борбордук жана Чыгыш Европанын, Ыраакы Чыгыштын социалисттик өлкөлөрүндө да болгон.

Чыгыш Түркстан Демократиялык Жумуриятынын жетекчилери дагы Сталиндин “парманы” менен набыт кетишкендиги тууралуу айтылып келет.

Деги, 1991-жылы декабрда түзүлүп, КМШ деп аталган постсоветтик ынтымакка кирген айрым жумурияттардын бийликтери мурдагы НКВДчыл ыкмаларды путиндик Орусиядан өздөрүнө импорттоого канчалык каршы тура алышат? Канчалык мурдагы чекисттер бул өлкөлөрдө реванш кыла алышат?

Бул суроонун жообу тийешелүү постсоветтик жумурияттагы жарандык коомдун телчигүү деңгээлине жана ички демократиячыл жүрүмдөрдүн деңгээлине жараша болору айдан ачык.

Түркмөнстан жана Беларус сыяктуу айрым КМШ өлкөлөрүндөгү бийлик ээлери Орусиянын таасири жок кезеңде эле айырмалуу авторитардык режимдерди өз алдынча түптөөгө жетишкендиги да анык.

XXI кылымдын алгачкы чейрегинде эле үч жолку элдик ыңкылапты баштан кечирген кыргыз жарандык коому, пикирибизде, өзүнүн көп жылдык ырааттуу күрөшүнүн мээнетинин аркасында жеңип алган демократиячыл асыл нарктарын сактап калууга толук жарамдуу.

Анжыяндагы сталиндик жазалоолор курмандыктарынын музейи.
Анжыян мамлекеттик университетиндеги сталиндик жазалоолор курмандыктарынын музейи. 17.05.2018.

Өзбекстан менен Казакстанда мурдагы тоталитардык доордо запкы чеккендер тууралуу архивдик маалыматтар кеңири ачыла баштады, тоталитаризмдин курмандыктарынын музейлери негизделди. Бул жумурияттарда Алаш Ордонун жана Түркстан автономиясынын, эгемендик (“басмачылык”) кыймылдарынын тарыхын жаңыча таразалоо аракеттери жигердүү жүрүп жатат.

Азербайжан дагы Кеңеш бийлигине чейинки мусаватисттердин жана башка демократтардын эгеменчил кыймылынын тарыхын жаңыча кароодо. Расмий Бакы расмий Кремлден оолактагандыгы үчүн Тоолуу Карабак маселесин өз эгемен жана көз карандысыз мамлекетинин мүдөөсүнө ылайык натыйжалуу чечүүгө жетишти.

Өз эгемендиги жана демократиялык болочогу үчүн салгылашып жаткан Украина гана эмес, Грузия, Молдова жана Армения дагы демократиячыл Европа менен карым-катнаштарын арттырууга умтулушууда.

Тилегимде, Орусиянын көп этностуу эли дагы жакынкы болочокто өз өлкөсүн демократиячыл жүрүмгө кайтара алат.

Маркум А.Навальныйды акыркы сапарга узатуу үчүн каармандарча көчөлөргө чыгышкан миңдеген карапайым орусиялыктар жөнүндөгү ар тараптуу кабарларга күбө болуп, дал ушундай ишенимге ого бетер ээ болдум.

Мурдагы сталиндик НКВД доору тарыхтын эски архивинин барактарында гана калууга тийиш.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG