Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Казакстандык компаниянын Бишкек ЖЭБиндеги изи


Бишкек жылуулук борбору.
Бишкек жылуулук борбору.

Министрлер кабинетинин Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) көмүр менен камсыздоо жана буу казандарын тейлөө үчүн казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүү тууралуу Энергетика министрлигине жөнөткөн тескемеси талкууга түштү. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко жарыялап, стратегиялык объекти күмөндүү компания тейлейби деп суроо салган.

Президенттин сайтындагы түшүндүрмө

Министрлер кабинетинин Энергетика министрлигине жөнөткөн тескемесинде казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен Бишкек жылуулук борборуна "КО” маркасындагы көмүр жеткирүү жана буу казандарын тейлөө боюнча келишим түзүү тапшырылган.

Президенттин расмий сайтына аталган тескеме тууралуу түшүндүрмө жарыяланды. Анда казакстандык компания менен келишим түзүү жылуулук борборуна көмүр жеткирүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана ыш маселесин чечүү максатында жүрүп жатканы айтылат.

“Акылбек Жапаров Экономика жана финансы министри болуп турганда Экология боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова менен биргеликте Казакстандын Караганда облусунда иш сапары менен болуп, ал жакта иштеп жаткан көмүр шахталары жана байытуучу комбинаттардын ишмердүүлүгү менен таанышышкан. Андан соң борбордук ЖЭБде “КО” маркасындагы 7 миң тонна көмүр концентраты байкоо иретинде жагылып, Энергетика жана экономика илимий изилдөө институту аталган көмүр концентратын күйгүзүүнүн натыйжалуулугу боюнча тийиштүү корутунду берген”, - деп айтылат президенттин расмий сайтында.

Президенттин расмий сайтындагы түшүндүрмөдө бул көмүрдү жагуу менен электроэнергиясын иштеп чыгуу эселеп көбөйүп, электр-энергиясы менен жылуулуктун өздүк наркы арзандары айтылган.

Hampton Resources Limited эмне болгон компания?

Ачык маалымат булактарында Hampton Resources Limited мекемесинин кеңсеси Лондондогу даректи көрсөтүп, Казакстандагы айрым компаниялар менен кызматташары жазылган.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Hampton Resources Limited компаниясынын атын атагысы келбеген өкүлү "Азаттыкка" Кыргызстанга көмүр жеткирилгенин тастыктады.

"Ооба, биз ушул күз айларында Кыргызстанга ири өлчөмдө көмүр жеткирдик. Бирок учурда кыргыз тараптан көмүрдүн сапаты туура келеби, келбейби тастыктоо күтүп жатабыз. Азырынча комментарий бере албайм".

Hampton Resources Limited компаниясынын аты Кыргызстанда биринчи жолу ушул жылдын башында аталган. Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка ылайык, компания өкүлдөрү 30-январда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Равшан Сабиров баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстандын энергосистемасын реформалоо боюнча презентация жасашкан.

Казакстандык компания сунуштаган демилгелердин катарында Балыкчы - Кара-Кече - Миң-Куш темир жолун куруу, эффективдүү электр тарифин киргизүү, көмүрдү байытуу, республикадагы бардык буу казандарын жана электр станцияларын жергиликтүү байытылган көмүргө өткөрүү сыяктуу сунуштары бар.

Мурдагы вице-премьер-министр Равшан Сабиров аталган компания тууралуу буларды айтты:

Равшан Сабиров
Равшан Сабиров

“Вице-премьер-министр болуп турганда бул компания сунуш менен келген. Биздин жылуулук борбор Караганданын байытылган көмүрүнө ылайыкташкан. Бишкекти эмне үчүш ыш каптап жатат? Анткени биздин көмүр байытылган эмес, сапаты туура келбейт. Мешке салганда жакшы күйбөй, ошонун негизинде түтүн чыгып шаардыктарды уулап жатат. Бул компания келип презентация жасаган. Ал иш-чарага Кыргызстандагы энергетика тармагындагы бардык тийиштүү адамдар катышкан. Эгер Караганданын байытылган көмүрүн жага турган болсо, электр-энергиясын өндүрүү төрт эсе, жылуулук өндүрүү эки эсе көбөйөт. Булар биздин жылуулук борбордо көмүрүн жагып көрүшкөн. Анализи, жыйынтыгы бар”.

Анткен менен Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздап, от казандарын тейлөө боюнча келишим түзүү иши жүрүп жаткан казакстандык “Hampton Resources Limited” компаниясы шектүү экенин айткандар чыгууда.

“Министрлер кабинети Hampton Resources Limited деген компания Бишкек ЖЭБин тейлесин, көмүр алып келсин деп буйрук чыгарды. ЖЭБ биз үчүн абдан маанилүү объект. Эми ушул объекти өздөрүн казакстандыкпыз деп атаган, бирок түбү Британияда жайгашкан, күмөндүү компанияга берип жатышат. Эмне үчүн күмөндүү? Анткени булардын сайтында өздөрүү тууралуу оңдуу бир дагы маалымат жок. 1998-жылдан бери иштеп келебиз деген менен 2006-жылы Британияда каттоодон өтүшкөн”, - деп кайрылуу жасады иликтөөчү журналист Али Токтакунов.

Али Токтакунов казакстандык компанияны мурдагы вице-премьер-министр Равшан Сабиров сүрөп жатканын айууда, Сабиров Токтакуновдун айыптоосун четке какты.

Эки ача жооп

Hampton Resources Limited компаниясы тууралуу маселе 20-октябрда парламент отурумунда дагы көтөрүлдү. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Министрлер кабинетинин тапшырмасы боюнча так жооп бере алган жок. Ал болгону жумушчу топ түзүлүп иштеп жатканын айтуу менен чектелди.

Ал эми Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Азиз Аалиев казакстандык компания менен келишим түзүү маселеси чечилгенин, техникалык жагдайларды гана сүйлөшүү калганын айтты.

"Министрлер кабинетинин тескемеси менен Hampton Resources Limited компаниясы Бишкек жылуулук борборунун эски буу казандарына Караганда көмүрүн алып келет. Бишкек ЖЭБи курулуп жатканда 15 буу казаны Караганда көмүрүнө ылайыкташып жасалган. Бул компания Караганданын көмүрүн ташыйт. Жөн гана көмүр эмес, байытылган көмүр. Биз ЖЭБдин кубаттуулугун арттырып, наркын түшүрөбүз деп ойлоп жатабыз. Ошондой эле кайсы бир деңгээлде ыш маселеси чечилет".

Президенттин расмий сайтына жарыяланган түшүндүрмөдө "КО" маркасындагы көмүр концентратын жагуу менен Бишкек ЖЭБиндеги электроэнергиясын иштеп чыгуу беш эсе көбөйүп, электроэнергиянын өздүк наркын эки эсе арзандары айтылат.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов парламент отурумунда президенттин сайтына жарыяланган бул маалыматтан күмөн санады.

Алмазбек Токторов
Алмазбек Токторов

"Президенттин администрациясы Бишкек ЖЭБиндеги электрэнергиясын өндүрүүнү беш эсе көбөйтүп 6 млрд кВт/с чейин жеткиребиз деп жатат. 4,5 млрд сом чыгымды жокко чыгарып, жылына 1,1 млрд сомдон кем эмес киреше алабыз дейт. Мен муну туура эмес маалымат деп түшүнөм. Эгер ушундай өндүрө алган болсок, буга чейин буга көңүл бурбаган жетекчилер жооп бериш керек деп эсептейм. Администрациядан туура эмес, фантастикалык маалымат берилип жатат".

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилдери үчүн 1 миллион 650 миң тонна көмүр менен камсыздалышы керек. Анын миллион тоннасы жергиликтүү – Кара-Кеченин көмүрү. Калганы Казакстандан импорттолот.

Жайында Казакстандан импорттолчу көмүр боюнча тендерди казакстандык башка компания утуп, 643 миң тонна Кара-Жыранын көмүрүн алып келери белгилүү болгон. Аталган компания ушул жылдын июнь айынан баштап биринчи көмүрдү алып келе баштаган.

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев Бишкек жылуулук борборундагы акыркы жагдайлар тууралуу буларга токтолду.

“Ушул жылы жайында башка казакстандык компания 643 миң тонна Кара-Жыранын көмүрүн алып келүү боюнча тендерди утуп алган. Азыркы учурда 100 миң тоннанын тегерегиндеги көмүр келип түшкөн. Эми бул компания көмүр алып келген жатат. Мен мурдагы көмүрдү эмне кыласыңар десем, кампада тура берет дейт. Бул жерде ЖЭБдин кубаттуулун көтөрүү, экология деген маселеден тышкары акча бөлүшүү маселеси дагы бар. Эки компанияны талаштырып коюп, абал жакшы эмес. Ачыкка чыгып калды, эми чыр чатак уланат".

Бишкектеги ыш. 29-январь, 2020-жыл.
Бишкектеги ыш. 29-январь, 2020-жыл.

Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү боюнча тендерлер коррупциялык чыр-чатактар менен коштолуп келет. Октябрдын башындагы маалыматка ылайык, борбордо 281 миң тонна көмүр бар. Анын 153 миң тоннасы импорттук көмүр.

Соңку жылдары суук түшкөнү Бишкекти ыш каптайт. Буга ЖЭБден чыккан түтүн да таасир берип жатканы айтылып жүрөт. Ишкананы газга өткөрүү демилгеси каражат маселесинен улам ишке ашкан эмес.

5-октябрда Бишкек шаарындагы мекеме-ишканаларга, үйлөргө жылуулук бериле баштады.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG