Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:17

Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" бекети убактылуу жабылат


Талас. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекети.
Талас. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекети.

Таластагы кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка” өткөрмө жайы техникалык иштерге байланыштуу 29-апрелде саат 16:00дон 19:00го чейин убактылуу жабылат.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Чек ара кызматы жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды сапарды алдын ала пландап алууга чакырат.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында тогуз өткөрмө бекет бар: төрт эл аралык жана төрт эки тараптуу өткөрмө пункту бар. Эл аралык өткөрмө бекеттерге “Ак-Жол”, “Чалдыбар”, “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрмө пункттары, эки тараптууга “Кең-Булуң”, “Токмок”, “Кайыңды” жана “Каркыра” чек ара пункттары кирет. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG