Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Ташиев менен Ятимов Тажикстанда кездешип, кыргыз-тажик чек арасын тактоону сүйлөштү


Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун кездешүүсү. 16-март, 2024-жыл. Бустон, Тажикстан.
Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун кездешүүсү. 16-март, 2024-жыл. Бустон, Тажикстан.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов коңшу өлкөнүн Согд облусунун Бустон шаарында жолугуп, мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топко калган тилкелерде мамлекеттердин чек ара линиясын мындан ары аныктоо үчүн ишти улантуу боюнча так тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү кабарланды.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топтору 25-февралдан 3-мартка чейин Кыргызстандын аймагында жолугушкан. Андагы расмий маалыматта кийинки жолугушуу Тажикстанда өтөрү айтылган.

12-январда Баткенде өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушкан. Биргелешкен билдирүүдө чек ара аймагы боюнча орток пикир табылганы айтылган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөгөндө Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын билдиришкен.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы толук такталбагандан улам эки өлкө кесилишкен жерлерде мурда да чыр-чатактар орун алып турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында катталган. Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Мунун фонунда чек араны тактоо иштери ыкчамдатылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG